[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын ТОКТОМУ № 2 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII чакырылышынын   кезектеги Х сессиясынын

    ТОКТОМУ № 2

    2023-жылдын 25-июлу.                                                                  Ак-Жол  айылы.

      Ак-Жол айыл аймагындагы  уюшулган коомдук  уюмдардын (Аксакалдар Кеңеши,Аялдар Кеңеши, Жаштар  уюму) жүргузүп жаткан иштери жөнүндө .

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезекcиз XV сессиясынын күн тартибиндеги  экинчи  маселеси болгон   Ак-Жол айыл аймагындагы  уюшулган коомдук  уюмдардын (Аксакалдар Кеңеши,Аялдар Кеңеши, Жаштар  уюму) жүргузүп жаткан иштери жөнүндө . туруктуу комиссиянын төрайымы Бостонова Гүлнаранын билдирүүсүн карап чыгып ,талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезексиз XVI сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнун алдындагы Аксакалдар Кеңешиинин жүргүзүп жаткан иштери учур талабына  жүргүзүлүп жаткандыгы  белгилнсин.
    1. .Аялдар Кеңеши менен Жаштар уюмунун жүргүзгон иштери кагаз жүзундө түшпөгөндүктөн  айыл өкмөт башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.  

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                          Ж Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги ХVI-сессиясынын ТОКТОМУ № 1 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги ХVI-сессиясынын

    ТОКТОМУ № 1

    2023-жылдын 25-июлу.                                                                  Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаңыдан курулуп

                                                    ишке берилген обьектилердин  талапка жооп берерлиги

                                                    тууралуу депутаттык комиссиянын көзөмөлү  жөнундө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  XVI сессиясынын күн тартибиндеги  биринчи маселеси болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаңыдан курулуп ишке берилген обьектилердин  талапка жооп берерлиги тууралуу депутаттык комиссиянын көзөмөлү  жөнундө.

    Туруктуу комиссиянын  төрагасы Т Султамуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  ХVI сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол   айылдык  Кеңешинин аймагындагы  О Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин алдында курулган спорт залынын курулушунун жана  мектеп алдына  төшөлгөн брусчаткалардын абалы кээ бир кемчиликтерин эске алуу менен учур   талабына  жооп берерлиги  белгиленсин. 
    2. Ак-Жол   айыл  Өкмөтүнүн алдындагы жаңыдан бүткөн  обьектилердин көрсөтүлгөн кемчиликтерин  четтетуу жагы айыл башчысына жана кабыл алуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

    Ак – Жол    айылдык  аймактык                                                                                                           Кеңешинин  төрагасы:                                                       Ж Алыбаев.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи отключены

    ЖАРЫЯ

    Ак-Жол айыл өкмөтү конкурс өткөрөт.

    Конкурска Ак-Жол айылынын С.Мырзатаев көчөсүндөгү 200 кв.м жер аянты коюлат.

    Талапкер өз сунуштамасын жазуу түрүндө конверт аркылуу тапшыруусу абзел. Арыздар 2023-жылдын 7-сентябрынан 18-сентябрына чейин Ак-Жол айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кабыл алынат. Конкурс 2023-жылы 18-сентябрь күнү саат 11:00дө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн кеңсесинде өтөт.

    Байланыш үчүн телефондор:           0778 13 27 86

                                                      0220 34 31 31

                                                      0771 40 44 55

  • Жаңылыктар Комментарии к записи отключены

    ЖАРЫЯ

    Ак-Жол айыл өкмөтү техникаларды ижарага берүү үчүн конкурс жарыялайт.

    Конкурска коюлуп ижарага берилүүчү техникалар:

    1. МТС-80 трактору
    2. Экскаватор-бульдозер трактору

    Конкурска талапкердин трактор айдоочулук күбөлүгү болуусу шарт. Талапкер өз сунуштамасын жазуу түрүндө конверт аркылуу тапшыруусу абзел. Арыздар 2023-жылдын 10-августунан 23-августуна чейин Ак-Жол айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кабыл алынат.  Конкурс 2023-жылы 24-август күнү саат 11:00дө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн кеңсесинде өтөт.

    Байланыш үчүн телефондор:           0778 13 27 86

                                                      0220 34 31 31

                                                      0771 40 44 55

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык жана мунципиалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” №24 Жарлыгынын негизинде Ак-Жол айыл өкмөтү Башкы, Улук жана Кенже кызмат орундарына кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. 12.06.2023-жыл. отключены

    КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР;
    1. Башкы кызмат орундары үчүн;
    1) Башкы кызмат оруну-1 штат бирдик;
    — Жогорку билим;
    -Иш стажы жана тажырыйбасы;
    -Мамлекеттик жана же муниципиалдык кызматтагы жыйынды иш стажы 3 жылдан кем эмес жана же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
    2. Улук кызмат орундары үчүн;
    1) Башкы адис-4 штат бирдик;
    Тиешелүү багыттагы жогорку билим;
    -Мамлекеттик жана же муниципиалдык кызматтагы жыйынды иш стажы 1 жылдан кем эмес жана же тиешелүү кесиптитк чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
    3. Кенже кызмат орундары үчүн,
    Жетектөөчу адис- 4штат бирдик;
    Тиешелүү багыттагы жогорку билим;
    -Мамлекеттик жана же муниципиалдык кызматтагы иш стажы талап кылынбайт.
    — КЕСИПТИК КОМПОНЕНТТҮҮЛҮГҮ
    1) Башкы орундар үчүн мыйзамдар:
    -Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    -“Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
    — Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
    -Кыргыз Республикасынын “Мамлекетттик тили жонундо”
    -“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    -Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    -Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    -Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелериндеги маалыматтардын жеткиликтүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    — “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;
    Тиешелүү тармактагы мыйзамдар.
    — билгичтиги:
    жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
    документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
    тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
    кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
    жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
    мамлекеттик жана /же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
    командада иштөө:
    көндүмдөрү:
    ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
    компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
    2) Улук кызмат орундары үчүн мыйзамдар;
    Кыргыз Республикасынын конституциясы;
    -Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
    -Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    -Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө”
    -Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    — “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;
    -Тиешелүү тармактар боюнча мыйзамдар;
    2) Кенже кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар;
    -Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    -“Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    -Тиешелүү тармактагы мыйзамдар;
    төмөнкүлөрдү билүү:
    Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
    кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди;
    Сынакка катышуу үчүн документтер:
    -Өзүнүн арызы;
    -Резюме (Электрондук почтасын, байланыш номерин көрсөтүү менен);
    -Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен)
    -Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтин (диплом көчүрмөсү);
    -Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтин көчүрмөлөрү;
    -Паспорттун көчүрмөсү;
    -Эркек жарандар үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү(аскердик билети жоктор аскердик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же аскердик комиссариаттан тактама);

    Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер Ак-Жол айыл өкмөтүнүн кеңсесинде 24- июнга чейин кабыл алынат.
    Тел; 0771-71-30-35
    0705-71-30-35

« Previous Entries   Next Entries »

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]