[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын Т О К Т О М У № 1 отключены

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги

    XV сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 1

    2023-жылдын 17-апрели                                                                  Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн аймагындагы бадачылардын,  механизаторлордун эмгек акысы ,  белгиленген айып  акылардын өлчөмүн , жер айдоо компаниясына  байланышкан  тарифтер, жакынкы, алыскы жайыттарга кочүп чыгуу,көчүп келуу мөөнөттөрүн белгилөө жана тоют топтоодогу тарифтерди бекитүү боюнча  чыккан  айыл өкмөтүнун буйругун  бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  XVсессиясынын күн тартибиндеги, биринчи маселеси боюнча Ак-Жол айыл өкмөтүнүн катчысы М Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  XV-сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 35-б буйругу кээ бир алымча кошумчасы менен жактырылсын
    2. Айыл өкмиөтүнун аймагындагы калктуу конуштардын тургундарын жакынкы жана  алыскы жайыттарга көчүрүү №35-буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөттө аткаруу жагы  жайыт комитетинин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
    3. Айыл аймагынын калктуу конуштарына сырттан  алынып келген малдарды кайсыл территорияга айыл өкмөтүнүнбү же Аксы токой чарбасынын аймагына  алынып келеби ветеринардык  көзөмөлдөн өтүүгө милдеттүү экендиги  белгиленип аткаруу жагы айыл башчыларга жана  жайыт комитетине милдеттендирилсин.  
    4. Буйрукту аткарбаган атуулдарга Бузулар кодексинин №293 беренесине ылайык  айып салынары  эскертилсин.
    5. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин  тез аранын ичинде  тактап аткаруу жагы айыл өкмөтүнун  жер адисине милдеттендирилсин.(15 жумушчу күн )

    Ак-Жол  айылдык аймактык

              Кеңешинин  төрагасы:                                                         Ж.Алыбаев.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы ТОКТОМ №6/2 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

    Токтом №6/2

    2023-жылдын 27-январы                                                                 Ак-Жол айылы.

     Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  XIII сессиясынын күн тартибиндеги алтынчы маселесинин 6/2пункту болгон Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  XIII сесиясы               

    Токтом кылат:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Кесип кошун бирдигинин 16-январь 2023-жылдагы болгон отурумунун чечими негиздүү деп  табылып айыл өмөтүнүн Мал чарба адиси Т Суеркуловдун жана өзгөчө кырдаалдар боюнча  адиси Ч Сейитбековдун  көп жылдык эмгеги бааланып Ак-Жол айыл аймагынын “ Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын..
    2. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагыайылдык  Кеңештин  жооптуу катчысы К.Т.Сатыбековго жүктөлсүн.

    Төрага:                                              Ж.С.Алыбаев.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIIIчакырылышынын кезектеги X сессиясынын ТОКТОМУ № 6\5 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIIIчакырылышынын   кезектеги X сессиясынын

    ТОКТОМУ № 6\5

    2022-жылдын 09-сентябры                                                                              Ак-Жол  айылы.

    Жолборсту  айылынын  Жайык

    учаскасына   ат берүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  X сессиясынын күн тартибиндеги  6/5 -маселеси боюнча айыл Жолборсту айылынын айыл башчысы Б Райымбековдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII  чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Улуу Ата Мекендик согуштун  катышуучусу, эмгек ардагери Усекеев  Сейиткулдун

    ысмы  өзү жашап  өткөн  Улуу Жайык  көчөсүнө  айылдаштарынын  сунушуна  негиз  ыйгарылсын.

    1. Бул көчөгө  аты коюлгандан кийин  мезгил  мезгили менен  ремонттон чыгарып ,көчөнүн  тазалыгына  көңүл буруп карап туруу жагы Үсекеев  Сейиткулдун  уулдарына  милдеттендирилсин.
    2. Бул  токтомдун  бир нускасы Аксы райондук  каттоо бөлүмүнө  көчөнүн  атын  өзгөртүү үчүн  жөнөтүлсүн.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                          Ж Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIIIчакырылышынын кезектеги X сессиясынын ТОКТОМУ № 6\4 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIIIчакырылышынын   кезектеги X сессиясынын

    ТОКТОМУ № 6\4

    2022-жылдын 09-сентябры                                                                              Ак-Жол  айылы.

    Рыскулов Надырбектин  60 га жер аянты жөнүндө айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти  башкаруу боюнча башкы адиси Б Райымбековдун  билдирүүсү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  X сессиясынын күн тартибиндеги  6/4 -маселеси боюнча айыл Өкмөттүн турак-жай жана муниципалдык менчикти  башкаруу боюнча башкы адиси Б Райымбековдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Берилген жер аянтынын  контурлары боюнча эсептегенде талаш маселе жаралгандыктан айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси  Б Райымбекого  мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн адистерди чакырып ,айылдык Кеңештин депутаттары менен биргеликте  жумушчу топ  түзуп,  жеринде чечүү жагы жүктөлсүн .
    2. Жумушчу топтун  чыгарган жыйынтыгы боюнча  кезектеги сессияга  маалымат

          берүү  Б Райымбековго мимлдеттендирилсин..

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                          Ж Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын ТОКТОМУ № 6/3 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII чакырылышынын   кезектеги X сессиясынын

    ТОКТОМУ № 6/3

    2022-жылдын 09-сентябры                                                                  Ак-Жол  айылы.

                                                          Ак-Жол айыл аймагындагы М Сыдыков  мектебинин

     мугалими Т Жүндүбаевдин  билдирүүсүн кароо  жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  X сессиясынын күн тартибиндеги  6/3-маселеси боюнча М Сыдыков мектебинин мугалими Т Жүндүбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. М Сыдыков мектебинин мугалими Т Жүндүбаевдин көтөргөн маселеси  өтө актуалдуу деп табылсын жана  заманбап райондук маанидеги  лабораторияны толуктоо боюнча иштер жүргүзүлсүн.
    2. Билдирүүдө көрсөтүлгөн акча каражаты 2022-жылдын өзгөртүүгө туура келген бюджетинен каралсын.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                          Ж Алыбаев

« Previous Entries   Next Entries »

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]