Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын III кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ №1
2024-жылдын 19-апрели Ак-Жол айылы
Ак-Жол айыл аймагындагы Терс айылын Үч-Коргон айыл аймагына өткөрүп берүү жана Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдары, Жоон-Бакан, Көк-Кыя участкалары жөнүндө
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын III кезексиз сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, “Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Ак-Жолайыл аймагынын карамагындагы Терс айылындагы калктуу конушту Үч-Коргон айыл аймагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Терс айылы өтүп жаткандыгына байланыштуу Үч-Коргон айыл өкмөтү пайдаланып жүргөн Жоон-Бакан жана Ак-Суу айыл өкмөтү пайдаланып жүргөн Көк-Кыядагы жайыт аянттары Ак-Жолайыл аймагынын карамагына калтыруу жагы райондук комиссияга сунушталсын.
- 1995-жылдан бери Ак-Жол айыл өкмөтүнүн карамагында жашап, Ак-Жол айыл өкмөтү тарабынан каржыланып келген Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын калкынын талабын эске алуу менен, бул айылдарды жакынкы жайыттары менен кошо Ак-Жол айыл аймагынын картасына чийип берүү жагы сунушталсын.
- Терс айылындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, материалдык жана материалдык эмес активдерди өткөрүп берүү жагы Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б Абылаевге жүктөлсүн.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы К Сатыбековго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Ж.С.Алыбаев