Ак-Жол айылдык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын ТОКТОМУ № 1
2024-жылдын 21 –февралы Жаңы-Жол айылы
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 1 сессиясы 2023-жылдын 29-декабрындагы №370” Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгеелинде пилоттук режимде административдик — аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ,2024-жылдын 7-февралындагы №24” Пилоттук режимде административдик _аймактык реформа жүргүзүү алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Указынын негизинде откөрүлгөн айылдык кеңештердин шайлоо боюнча Аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы бириккен Ак-Жол айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколун угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясы
- Бириккен Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтык протоколу бекитилип ,Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин торагасы болуп Алыбаев Жалынбек Самарбекович шайлансын.
- Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин торагасынын орун басары • болуп Бейшеналиев Камбар Көкүнбаевич шайлансын.
- Токтом жарыялангандан баштап күчүнө кирсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы орун басар К Бейшеналиевге жүктөлсүн.
Төрага: Ж.Алыбаев