[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы ТОКТОМ № 6/3

    Ак-Жол айылы.                                                       2024-жылдын 19-январы

    6/3. К Р Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305ПЖ Жарлыгын турмушка ашыруу максатында Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын иштеп чыккан Жобосун бекитүү жөнүндө.

    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү“ мыйзамынын 27-беренесине ылайык , К Р Президентинин 2022-жылдын 6-сентябындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023- 2025-жылдар аралыгында тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндөгү “ПЖ №305 Жарлыгынын негизинде түзүлгөн Аксы рШонунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 19-сентябрындагы №275-6 буйругу менен бекитилген иш аракеттер планынын 6-пунктун аткарууга алуу максатында “ Ак-Жол айыл аймагында көрктөндүрүүркашылдандыруу жана тазалыкты сактоо боюнча эрежелер жөнүндөгү” жобосун бекитүү тууралуу Айылдык Кеңештин Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл аймагында көрктөндүрүү,жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо боюнча эрежелер жөнүндөгү жобосу бекитилсин.

    2 Кабыл алынган жободо көрсөтүлгөн эрежелердин негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына мимлдеттендирилсин.

    3 Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akiol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

    4.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Т.Сатыбековго жүктөлсүн.

    5Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитетинин торайымы Г.Т.Бостоновага милдеттендирилсин. Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы:                   Ж.Алыбаев

    Posted by admin @ 09:17

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]