Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын ТОКТОМУ №5
Ак-Жол айылы 2024-жылдын 19-январы
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2023- жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын кун тартибиндеги бешинчи маселеси боюнча Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчетун жана 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышын жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү долбоорун карап чыгып, талкуулап айыл аймактык Кенешинин VIII — чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасынын жылдык отчету кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
- Жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышы№1 тиркемеге негиз кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен кабыл алынсын.
- Жайыт комитетинин 2024-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү (№2тиркеме)чыгаша бөлүгү (№2/1тиркеме )кээ бир алымча-кошумчаларды эске алуу менен бекитилсин.
- Жайыт комитетинин 2024-жылга салык алуу жагы Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин маалыматына негиз №2/2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жайыт комитетинин трагасынын жана эсепчисинин айлыгы №2/Зтиркемеге ылайык кабыл алынсын.
- Жайыт мыйзамынын жоболорун бузуй,жайыт билетин албай жана жайыт билетин узартпай чыккан жайыт пайдалануучуларга айып акы салынаары эскертилсин.
- Жайыт билетин алуу үчүн жайыт пайдалануучулар торт түлүк малый эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы (вет.справка) айыл Өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине төмөндөгү жайыт жерлерге өткөрүп берү жана өткөрүп алуу акты сына негиз жайыттын инфраструктурасына тиешелүү обьектилер №2/4 тиркемеге ылайык өткөрүлүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин башчысы А Абдырамановко милдеттендирилсин.
- Бул токтом Ак-Жол айыл өкмөтүнүн www.akiol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын .
Ак-Жол айылдык Кенешинин
аймактык төрагасы: Ж.Алыбаев