[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII чакырылышынын   кезектеги Х сессиясынын

    ТОКТОМУ № 3

    2022-жылдын 09-сентябры.                                                                  Ак-Жол  айылы.

    Жаңы окуу жылына карата Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жалпы билим берүүчү ,негизги жана башталгыч мектептердин  даярдыгы ,ремонт иштеринин  жүрушү  жана орун алган кемчиликтери  жонүндө мектеп жетекчилеринин билдирүүсү жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  X  сессиясынын күн тартибиндеги  3 маселеси боюнча Жаңы окуу жылына карата Ак-Жол айыл Окмотунүн аймагындагы жалпы билим берүүчү ,негизги жана башталгыч мектептердин  даярдыгы ,ремонт иштеринин  жүрушү  жана орун алган кемчиликтери  жонүндө мектеп жетекчилеринин берген маалыматын жана төрайымдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  Xсессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1.Ак-Жол айыл аймагынын  аймагындагы жалпы билим  берүүчү , негизги жана башталгыч  мектептердин 2022-2023-окуу жылына карата мектептердеги ремонттордун  жүрүшү, айлана-чөйрөнүн тазалыгы, окучуларды кабыл алууга болгон даярдыктары негизинен  жакшы деп табылсын.

    2.№54- А .Жолдошов атындагы жалпы башталгыч билим берүү мектебиндеги орун алган төмөнкү кемчиликтерди  тез аранын ичинде жоюу колго алынсын.

      — Видео көзөмөл орнотуу

      — Септиктин орунун которуу

      — Канализацияны бүткөрүү

      — Мектептин  ашканасына 500л суу сактоочу идиш алып берүү

    3. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрайымы  Г Бостоновага  жүктөлсүн.

    Ак – Жол    айылдык  аймактык                                                                                                           Кеңешинин  төрагасы:                                                         Ж Алыбаев

    Posted by admin @ 09:34

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]