Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын
ТОКТОМУ № 6\2
2023-жылдын 25июлу Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол суусуна жакын жайгашкан турак жайлар боюнча суу фондунун аралыгын аныктап берүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын күн тартибиндеги 6/2 -маселеси Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол суусуна жакын жайгашкан турак жайлар боюнча суу фондунун аралыгын аныктап берүү жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башка адиси Ы Молрбаевдин.билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VIII — чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу обьект тилкелери тууралуу жобонун 23-беренесин жетекчиликке алып Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол суусунун эки тарабындагы жайгашкан турак жайлар үчүн суу фондусунун аралыгы 20м болуп белгиленсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж Алыбаев