Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги ХVI-сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
2023-жылдын 25-июлу. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаңыдан курулуп
ишке берилген обьектилердин талапка жооп берерлиги
тууралуу депутаттык комиссиянын көзөмөлү жөнундө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаңыдан курулуп ишке берилген обьектилердин талапка жооп берерлиги тууралуу депутаттык комиссиянын көзөмөлү жөнундө.
Туруктуу комиссиянын төрагасы Т Султамуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айылдык Кеңешинин аймагындагы О Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин алдында курулган спорт залынын курулушунун жана мектеп алдына төшөлгөн брусчаткалардын абалы кээ бир кемчиликтерин эске алуу менен учур талабына жооп берерлиги белгиленсин.
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы жаңыдан бүткөн обьектилердин көрсөтүлгөн кемчиликтерин четтетуу жагы айыл башчысына жана кабыл алуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Ж Алыбаев.