Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VIII- сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
2022-жылдын 23-марты Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл өкмөтүнөн жакынкы ,алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,кочуп келуу моонотторун,жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер,айып чегерүү акылары боюнча16.03.2022-жылдагы чыккан № 61-б буйрукту кароо ,бекитүү
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VIII -сессиясынын күн тартибиндеги 1-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 16.03.2022-жылдагы №61-б буйругун бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII — чакырылышынын кезектеги VIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 18.03..2022-жылдагы №61-б буйругунда көрсөтүлгөн Ак-Жол айыл өкмөтүнөн жакынкы ,алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,кочуп келуу моонотторун,жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер жөнүндөгү буйругу негиздүү деп табылсын.
- Кабыл алынган буйруктагы бардык көрсөткүчтөр, кызмат көрсөтүү тарифтери элдин калың катмарына жеткирилсин.
- Бул буйрукту аткарбаган атуулдарга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексине ылайык жаза чарасы колдонулаары жөнүндө маалымат баардык атуулдарга жеткирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VIII —сессиясынын
ТОКТОМУ № 2
2022-жылдын 23-марты . Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги VIII — сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы,депутат К.Оноловдун жана Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Абдуллаева Гүлсинанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги VIII — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы менчик автоунаа ээлерине транспорт салыгын өз учурунда төлөө максатында түшүндүрүү иштерин айыл Өкмөтүнүн салык инспекциясы менен биргеликте жүргүзүү жагы колго алынсын.
- Мал уурулуктун алдын-алуу боюнча айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, ар бир калктуу конуштун активдери, Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
- Соода түйүндөрүндө эмес ар бир үйлөрдө мыйзамсыз сатылып жаткан спирт ичимдиктерин токтотуу боюнча чара көрүү милиция кызматкерлерине жана айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
- Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн элди тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VIII —сессиясынын
ТОКТОМУ № 3
2022-жылдын 23-марты. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагынын калктуу конуштар боюнча жаштардын жумуштан тышкаркы убактарда эс алуу үчүн спорттук иш чаралар, маданий эс алууга түзүлгөн шарттар жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги VIII — сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы,депутат Г Бостонованын жана Жаштар комитетинин төарагасы билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги VIII — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
-
- Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча жаштардын жумуштан тышкаркы мезгилде эс алуусу үчүн төмөндөгүдой спорттук ишчаралар өтүп жаткндыгы белгиленсин.:
— Улуттук көкбөрү оюндары үчүн Тегене айылында ,Шынаа айылында,Ак-Жол айылында атайын тайказандар,
— Волейбол оюндарын өткөрүү үчүн М Сыдыков,О Ташкулов , А Мырзабеков Т Тыныбеков мектептеринде жана Шынаа айылындагы спорттук комплексинде уюштурулган.
2.Жаштардын жумуштан сырткары көнүлдүү эс алуусу үчүн ар-бир айылдарда атайын спорттук залдарды уюштуруу колго алынсын.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VIII —сессиясынын
ТОКТОМУ № 4
2022-жылдын 23-марты. Ак-Жол айылы.
Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VIII -сессиясынын күн тартибиндеги 4- маселеси Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин Айыл чарба,жаратылышты коргоо,экология, өнөр жай , транспорт, байланыш, ишкердик, электр энергия, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Т Султамуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VIII -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жана элди тейлөөнүн абалы өз деңгеелинде экендиги белгиленсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VIII —сессиясынын
ТОКТОМУ № 5
2022-жылдын 23-марты. Ак-Жол айылы.
Айыл өкмөтүнун аймагындагы бала-бакчалардын жаш муундарды тарбиялоодогу орду жана уюштуруудагы кемчиликтери жана жетишкен жактары жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VIII -сессиясынын күн тартибиндеги Айыл өкмөтүнун аймагындагы бала-бакчалардын жаш муундарды тарбиялоодогу орду жана уюштуруудагы кемчиликтери жана жетишкен жактары жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Бостонованын жана бала-бакчалырдын жетекчилеринин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VIII -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала-бакчаларды уюштурууда жана тарбиялоодо бала-бакчалардын жетекчилеринин жүргүзүп жаткан иштери учур талабына ылайык келээри белгиленсин.
- Бардык бала-бакчалар жаңыдан уюшулуп жаткандыгына байланыштуу райондук сан.эпидемиологиялык көзөмөлдөөчү органынын текшерүүдө белгилеп кеткен маселелерди айыл өкмөтү менен биргеликте чечүү жагы колго алынсын.
- Айыл аймактагы мектепке чейинки билим берүү мекемелери өз учаскасындагы гана балдарды каттоого алышсын.
- Азык түлук кымбаттагандыгына байланыштуу ата-энелерден чогулуучу акча каражатынын суммасы 40 сомдон топтоо жагы белгиленсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.