Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II— сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
2021-жылдын 9-июлу Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнундө
Ак-Жол айыл айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясынын күн тартибиндеги
1-маселеси Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Султамуратовдун өз арызына негиз айылдык кеңештин төрагасы кызматынан бошотуу жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
- Айылдык кеңештин төрагалыгына талапкер Алыбаев Жалынбек Самарбекович өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча Ак-Жол айылдык кеңешинин төрагасы деп табылсын.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II— сессиясынын
ТОКТОМУ № 2
2021-жылдын -9-июлу Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата кабыл алган иш планы жактырылсын.
- Кабыл алынган иш пландардын аткарылышын өз убагында көзөмөл жүргүзүү жана тиешелүү инстанцияларга маалымат берүүнү колго алуу жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз | |||||
II -сессиясынын № 2-токтому менен бекитилди. | |||||
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын
депутаттарынын 2021-жылга карата |
|||||
И Ш П Л А Н Ы. | |||||
№ | Аткарылуучу иштин мазмуну. | Өтүү мөөнөтү | Ким жооптуу | Докладчы | |
1 | 1. | Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнундө | июль | айыл өкмөт башчы | |
2 | Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө | июль | жооптуу катчы | К.Сатыбеков | |
3 | 2022-23-24-жылдарга карата Ак-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө | июль | ФЭБ башчысы | Б.Туратбек уулу | |
4 | Жергиликтүү бюджеттер аралык бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнундөгү жобого негиз өздүк салымды кайтаруу жөнүндө. | июль | ФЭБ башчысы | Б.Туратбек уулу | |
5 | “Ак-Жол Тазалык” муниципалдык ишканасына таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө. | июль | жайыт комитети | Т.Нурманбетов | |
6 | Айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин мүчөлүгүнө айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүү жөнүндө. | июль | жайыт комитети | Т.Нурманбетов | |
2 | 1 | Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө | июль | ФЭБ башчысы | Б.Туратбек уулу |
2 | ОсОО “Ак-Жол плейсер “ ишканасынын аткаруучу директору М Осмоналиевдин кайрылуусу жөнүндө | июль | турак-жай адиси | Ы Молорбаев | |
3 | “Осмонбек” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун милдетин аткаруучу Н Ыбрайымовдун кайрылуусун кароо жөнүндө | июль | турак-жай адиси | Ы Молорбаев | |
4 | ОсОО ”ИВМ”ишканасынын ген директору Д А Болтабаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө | июль | турак-жай адиси | Ы Молорбаев | |
5 | «Бийкомпакт плюс»ЖЧКсынындиректору Султан Сактановдун кайрылуусун кароо жөнүндөкароо | июль | турак-жай адиси | Ы Молорбаев | |
6 | «Хелветас» ассоцациясынан келе турган автогрейдердин иштөө калькуляциясын бекитүү жөнүндө | июль | жайыт комитети | Т.Нурманбетов | |
7 | Ар түрдүү маселелер | июль | |||
3 | 1 | Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарба кызматкерлеринин жургузуп жаткан иштери жонундо. | август | туруктуу комиссия | Т.Султамуратов |
2 | Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовдун социалдык-экономикалык өнүгүү багытында түзгөн стратегиялык планын бекитүү | август | айыл өкмөт башчысы | Т.Султамуратов | |
3 | Ак-Жол айыл Окмотунун аймагындагы калктуу конуштар боюнча тейлеген Жаны-Жол ПОМунун кызматкерлеринин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө. | август | туруктуу комиссия | Оңолов Келсинбек | |
4 | Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун КОВИД-19 илдетине каршы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | август | туруктуу комиссия | Бостонова Г. | |
5 | Калкты аскердик тейлөө инспекторлорунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | август | туруктуу комиссия | Оңолов Келсинбек | |
6 | Тегене, Кара-Тыт, Разан-Сай айылдарынын айыл башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматы. | август | туруктуу комиссия | Оңолов Келсинбек | |
7 | Ар түрдүү маселелер | август | |||
4 | 1 | Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнун алдындагы Ак-Жол базарын тейлеген кызматкердин жургузгон иши, базардан чогултулган жыйымдардын максаттуу пайдаланышынын абалы жонундо | октябрь | туруктуу комиссия | Сейитбеков Табышалы |
2 | Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча ыксыз чыгымдарды жоюу максатында айыл башчылардын жана соц.адистин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | октябрь | Айыл өкмөтү | айыл башчылар, соц.адис, соц.кызматкер. Түзүлгөн комиссия | |
3 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч, негизги, жалпы билим беүүчү мектептердин кышка карата даярдыгы | октябрь | туруктуу комиссия | Бостонова Г. | |
4 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы кен казып иштеп жаткан ишканалардын экологиялык абалды сактоо жаатында жүргүзгөн иштери жөнүндө | октябрь | туруктуу комиссия | Т.Султамуратов | |
5 | ФПЗнын жер аянттарынын арендага берилиши боюнча айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу адисинин билдирүүсүн кароо | октябрь | туруктуу комиссия | Т.Султамуратов | |
6 | Ак-Жол, Жолборсту айылдарынын айыл башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | октябрь | туруктуу комиссия | Оңолов Келсинбек | |
7 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч, негизги, жалпы билим беүүчү мектептерде шашке чайдын берилиши жана окуучулардын билим сапатынын абалы жөнүндө | октябрь | туруктуу комиссия | Бостонова Г. | |
8 | Ар түрдүү маселелер: | октябрь | |||
4 | 1 | Ак-Жол айыл аймагынын негизги авто жолдорун тейлеген ДЭП-38 ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ. | декабрь | туруктуу комиссия | Т.Султамуратов |
2 | Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн салык кызматкерлеринин мамлекеттик жыйымдарды жана салыктарды чогултуудагы жүргүзгѳн иштеринин абалы жѳнүндѳ. | декабрь | туруктуу комиссия | Сейитбеков Табышалы | |
3 | Айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы Жаштар уюмунун, спорт жана маданият тармагынын айыл аймагындагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан иштер жѳнүндѳ. | декабрь | туруктуу комиссия | Бостонова Г. | |
4 | Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Султамуратовдун 2021- жылга кабыл алынган стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө отчету | декабрь | айыл өкмөтү | Т.Султамуратов | |
5 | Айыл өкмөтүнүн балансында турган техникалардын, айыл өкмөтүнүн аймагындагы жакырларга, кароосуз калган балдардын үй-бүлөлөрүнө бекер кызмат көрсөтүүнүн абалы жөнүндө | декабрь | туруктуу комиссия | Оңолов Келсинбек | |
6 | Ар түрдүү маселелер. | декабрь | |||
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин жооптуу катчысы : К.Сатыбеков. |
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз
II-сессиясынын
ТОКТОМУ №3
2021-жылдын 9-июлу Ак-Жол айылы
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга карата
бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн
болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- 2022-2023-2024-жылдарга карата бюджеттин болжолдуу долбоору №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бул токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалыга жүктөлсүн.
Төрага: Ж.Алыбаев
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз
II-сессиясынын
ТОКТОМУ №4
2021-жылдын 9-июлу Ак-Жол айылы.
“Хельветас Свисс Интеркооперейшн” уюмунун “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында, ички жолдорду тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча МАК КЖАПтын өздүк салымын бекитилген жобого негиз кайтаруу жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Туратбек уулунун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ички жолдорду тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча МАК КЖАПта катышкан Жерге-Тал айыл өкмөтү, Авлетим айыл өкмөтү, Жаңы-Жол айыл өкмөттөрдүн өздүк салымдары “жергиликтүү бюджеттин эсебинин башка жергиликтүү бюджет ссуданы берүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобонун 4-пунктуна ылайык өз мөөнөтүнөн кечиктирилбестен кайтарылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: Т.Сейитбеков жүктөлсүн.
- Бул токтом Ак-Жол айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: Ж.Алыбаев
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясынын
ТОКТОМУ №5
2021-жылдын 9-июлу Ак-Жол айылы.
«Ак-Жол Тазалык» муниципалдык ишканасына таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII VIII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясынын күн тартибиндеги 10 маселеси «Ак-Жол Тазалык» муниципалдык ишканасына таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- «Ак-Жол Тазалык» муниципалдык ишканасына таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсү негиздүү деп табылсын.
- Бөлүнүп берилүүчү жер аянты айыл өкмөтүнүн Ак-Жол айылынан болуусу эске алынсын.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясынын
ТОКТОМУ № 6
2021-жылдын 9-июлу Ак-Жол айылы.
Айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин мүчөлүгүнө айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүү жөнүндө.
.
.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII VIII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясынын күн тартибиндеги 11 маселеси Айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин мүчөлүгүнө айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүү жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы Н.Мырзатаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Жайыт комитетиндеги мүчө болгон айылдык Кеңештин депутаттарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жаңы шайланган депутаттардан мүчөлүккө көрсөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.