Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз I— сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
2021-жылдын 10-июну Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин уюштуруу сессиясы жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз I-сессиясынын күн тартибиндеги
1-маселеси Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Көпчүлүк депутаттардын добушуна ээ болгондуктан төрагалыкка талапкер Султамуратов Таалай Акматбекович Ак-Жол айылдык кеңешинин төрагасы болуп бекитилсин.
Ак-Жол айыл аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Султамуратов.
ТОКТОМУ № 2
2021-жылдын 10-июну Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз I-сессиясынын күн тартибиндеги
2-маселеси Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл аймагынын Регламентине ылайык айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары төмөндөгүдөй тартипте түзүлсүн.
- Экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча, курамы 5 адам.
- Билим берүү, социалдык-маданий жана саламттыкты сактоо маселелери, курамы 5 адам.-
- Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, Депутаттык этика, мандат, Регламент, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каржаттары маселелери боюнча, курамы 4 адам.-
- Айыл чарба, жаратылышты коргоо, экология жана өнөр-жай, транспорт, ишкердик, иш, электр энергия маселелери боюнча, курамы 5 адам.
2. Комитеттин төрагалыгына шайланган жолдошторго айылдык кеңештин кабыл алган иш-планын өз убагында, так аткаруу жагы милдеттендирилсин.
Ак-Жол айыл аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Султамуратов.