Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз
ХХV -сессиясынын
Т О К Т О М У № 1
2020-жылдын 10-июну. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айылдык Кеңешинде акы төлөө негизиндеги айылдык Кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХV-сессиясынын күн тартибиндеги маселеси болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64-токтомунун 1-пунктуна негиз Ак-Жол айылдык Кеңешинде акы төлөө негизиндеги айылдык Кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндөгү Ак-Жол айылдык Кенешинин экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХV -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айылдык Кеңешинде акы төлөө негизиндеги айылдык Кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык бирдиги бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кенешинин экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Эшалиевге жүктөлсүн.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кенешинин төрагасы : Т.Батыралиев.