Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII -сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
2020-жылдын 4-марты Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы Шынаа айылынын жашоочуларынын арызын кароо жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII -сессиясынын күн тартибиндеги 1-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы Шынаа айылынын жашоочуларынын арызын кароо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айылынын Шынаа , Чон-Камыш участкасындагы жашаган тургундардын айыл өкмөтүнө жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
- “Ак-Жол Плейсер” ишканасына 2 айлык сыноо мөөнөтү менен ишмердүүлүгүн жасоого уруксат берилсин.
- Сыноо мөөнөтүндө жергиликтүү тургундардын турмуш-тиричилигине зыян келтире турган фактылар аныкталса, жасап жаткан ишин токтотуу боюнча айыл өкмөтү тарабынан иш жүрөөрү эскертилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII -сессиясынын
ТОКТОМУ № 2
2020-жылдын 4-марты Ак-Жол айылы.
ОсОО “КМК Групп” ишканасынын директорунун арызын кароо жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII -сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси ОсОО “КМК Групп” ишканасынын директорунун арызын кароо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- ОсОО “КМК Групп” ишканасынын директорунун арызы канааттандырылсын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өнөр –жай ,энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан берилген 2029-жылга чейин жарактуу 6238 ТЕ лицензиясына негиз Кара-Тыт аймагынан 4,67 га жер аянты кварц кумун жана каолин кенин казып иштетүү үчүн берилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII -сессиясынын
ТОКТОМУ № 3
2020-жылдын 4-марты Ак-Жол айылы.
Айыл өкмөтүнүн борборундагы эс алуу паркына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сапаралиев Бекмырзанын ысымын ыйгаруу жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII -сессиясынын күн тартибиндеги 3-маселеси Айыл өкмөтүнүн борборундагы эс алуу паркына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сапаралиев Бекмырзанын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери , 3 “Кызыл Жылдыз” орденинин ээси Ак-Жол айылынын тургуну Сапаралиев Бекмырзанын ысымы Ак-Жол айылынын борборундагы эс алуу паркына ыйгарылсын.
- Эс алуу паркына ыйгарылган ардагер Сапаралиев Бекмырзанын жакындарына эс алуу паркын жолго коюуга жакындан жардам берүүлөрү милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII -сессиясынын
ТОКТОМУ № 4
2020-жылдын 4-марты Ак-Жол айылы.
Кызыл-Бейит , Разан-Сай, Күрп-Сай айылдарынын жашоочуларынын жазган арызын кароо жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII -сессиясынын күн тартибиндеги 4 маселеси Кызыл-Бейит , Разан-Сай, Күрп-Сай айылдарынын жашоочуларынын жазган арызын, ыйгарым укуктуу өкүл жана аким менен жолугушуудагы каралган маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Көтөрүлгөн архивдик маалыматтар боюнча айыл өкмөтүнүн аймагындагы Разан-Сай , Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдары Ак-Жол айыл аймагынын карамагында эмес экендиги белгиленсин.
- Мындан ары айыл өкмөтү тарабынан Разан-Сай , Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын тургундарынын маселелери үчүн айыл өкмөтүнөн каржылоо жагы токтотулсун.
- Бул маселе боюнча жергиликтүү тургундардын үнү , кайрылуулары мамлекеттик жетекчилик тарабынан жакшы көнүл бурулбагандыктан , Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлүп жаткан өкүлчүлүк жөнүндө тиешелүү кызматтарга маалымат берилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII -сессиясынын
ТОКТОМУ № 5
2020-жылдын 4-марты Ак-Жол айылы.
Коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБ) типтүү уставын бекитүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII -сессиясынын күн тартибиндеги 5-маселеси Коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБ) типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдында иштелип чыккан коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБ) типтүү уставы бекитилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдап областык юстиция башкармалыгынан өткөрүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезесиз ХХII-сессиясынын
ТОКТОМУ №6
2020-жылдын 4-марты Ак-Жол айылы
2020-жылга карата Аксырайондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоорду
ишке ашыруу үчүн жергиликтүү боюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Фмнансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык КеңештинVII-чакырылышынын кезексиз ХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Ак-Жол айыл аймагындагы эски мечитти оңдоп-түзөө менен калкты тейлөө максатында пластикалык эшик-терезе жасоочу ишканасы ачылсын.
- Пластикалык эшик-терезе жасоочу ишкана ачуу үчүн Аксы райондук өнүктүрүү фондусуна долбоор дайардалсын.
- Аксы райондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоорго өздүк салым катары “Башкаруу аппаратынын” 2215 “ар түрдүү чыгымдар” элементинен 3111 “ башка имараттарды алуу жана куруу”беренеси аркылуу 100000( Жүз миң сом 00 тыйын) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Бул каражатты бөлүп берүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Эшалиевге милдеттендирилсин.
Ак-Жол айыл аймактык
Кеңештин төрагасы : Т. Батыралиев