Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз
ХVIII-сессиясынын
Т О К Т О М У № 1
2019-жылдын 20-ноябры Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын кароо жөнүндө..
Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХVIII-сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын кароо жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Туратбек уулу Бакбергендин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХVIII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылсын.
- Бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финасылык отчетторду түзүү Кыргыз Республикасыныны Финансы министрлигинин 21018-жыл дын 25-декабрындагы №137- “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча ” Жобону бекитүү жөнүндөгү буйругу менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлсүн.
- Сатып алуулар Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги №22-“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн .
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Эшалиевке жүктөлсүн.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кенешинин төрагасы : Т.Батыралиев.