Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII -сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
2019-жылдын 15-октябры. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иши , элди тейлөөдөгү абалы .
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги 1- маселеси Ак-Жол айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иши , элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери комитеттин төрагасы Э.Эшалиевдин билдирүүсүн боюнча угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Байланыш кызматкерлеринин жалпы элди тейлөөдө жүргүзүп жаткан иши канааттандыралык деп табылсын.
- “Таза коом” мамлекеттик күркөсүнүн кызматкери Бектеналиев Гүлжигиттин кызмат көрсөтүүсү талапка ылайык эместиги башкача айтканда күнүмдүк элди кабыл алуусу солгун экендиги белгиленсин.
- Байланыш кызматынын жетекчиси Ж.Кулжабаевге “Таза коом” күркөсүнө байланышкан маселени чечүү жагын тез арада колго алуу жагы милдеттендирисин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII -сессиясынын
ТОКТОМУ № 2
2019-жылдын 15-октябры. Ак-Жол айылы.
Аксы токой чарбасы менен болгон талаш жер аянттары жөнүндө .
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги 2- маселеси Аксы токой чарбасы менен болгон талаш жер аянттары жөнүндө айыл өкмөтүнүн Турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адиси Ы Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- К. Р өкмөтүнүн 1992-жылдын 22-июнундагы №291-токтомуна негиз Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жер фондусунан Аксы токой чарбасынын балансына 2501 га жер аянтынын ордуна 4521 га жер аянты өтүп кеткендиги белгиленсин.
- Аксы токой чарбасы сыздырып алган жер аянттары элдин үлүш жерлерин камтыган Кара-Тыт , Нарын, Аң-Жылга , Эчкили , Жолборсту, Коргон-Жар , Райкомол , Кош-Алмурут, Бактулак,Ак-Тикен, Жалгыз –Жангак, Кайнама, Сырт,Көк-Жайык, Тепши.Чоң-Төбө .Чалчык,Жайык,Күйгөн участкаларынан жалпысы 4522,1 га жер аянты кайрадан Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ээлигине калтырылып айыл өкмөтүнүн карамагындагы Кум-Бел жайлоосунан (ГЗЗ) 2501,1га жер аянты Аксы токой чарбасынын ээлигине берилип, айыл өкмөтүнүн чек ара сызыктарынын өзгөрүүсүнө макулдук берилсин .
- Жер аянттарынын контрун , алмашуучу участкалардын аянтын тактоо үчүн атайын курамдагы жумушчу топ түзүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын турмушка ашыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловго милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII -сессиясынын
ТОКТОМУ № 3/1
2019-жылдын 15-октябры. Ак-Жол айылы.
“А.С.А Люкс” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги 3/1- маселеси “А.С.А Люкс” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү боюнча айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жетектөөчү адиси Ы.Молорбаевдин 10.08.2015-жылкы Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын №2-токтомуна негиз айыл өкмөтүнүн 21.08.2015-жылдагы №64-токтому чыгып ,эки тараптуу келишим тузулуп жылына 132.0 миң сомго милдеттенген бирок 2017-жылдан баштап Аксы лесхозу менен келишим түзүп жылына 40.0 сомго гана келишим тузуп иштеп еле жаткандыгы жөнундө билдирүүсүн угуп талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Аксы токой чарбасынын директорунун келишүчүлүккө барып жылдык келишимди н көлөмүн азайткандыгы белгиленсин.
- “А. С. А Люкс” ЖЧКсынын жетекчилигинин жана Аксы токой чарбасынын директорунун ишмердүүлүгу боюнча көзөмөл жүргүзүп териштирүү үчүн Аксы райондук прокуратурасына маалымат берилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII -сессиясынын
ТОКТОМУ № 3/2
2019-жылдын 15-октябры. Ак-Жол айылы.
“Тегене” ЖЧКасынын аткаруучу директору А. Сапарбаевдин билдирүүсүн кароо жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги 3/2- маселеси “Тегене” ЖЧКасынын аткаруучу директору А.Сапарбаевдин билдирүүсүнө негиз айыл өкмөтүнүн түзүлгөн жумущчу топтун актысын угуп талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- “Тегене” ЖЧКсынын аткаруучу директору А.Сапарбаевдин билдирүүсү 20.05.2019-жылдагы айылдык КеңештинVII-чакырылышынын кезектеги ХIV-сессиясынын 3/2 токтомуна негиз өзгөртүүсүз калтырылсын .
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жетектөөчү адиси Ы.Молорбаевге жүктөлсүн.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII -сессиясынын
ТОКТОМУ № 3/3
2019-жылдын 15-октябры. Ак-Жол айылы.
Кара-Тыт айылынын Ак-Моло участкасындагы калк сыйынуучу жайдын келечеги жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги 3/3- маселеси Кара-Тыт айылынын Ак-Моло участкасындагы калк сыйынуучу жайдын келечеги жөнүндө айылдык Кеңештин айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Кара-Тыт айылынын Ак-Моло участкасындагы Моло-Таш калк сыйынуучу жай катары баалансын жана айыл өкмөтүнүн түздөн-түз көзөмөлүнө алынсын.
- Моло-Таштын айлана –тегерегинде 1га жер аянтына чалгындоо жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө тыюу салынсын.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясынын
ТОКТОМУ №3/4
2019-жылдын15-октябры Ак-Жолайылы.
«Жергиликтүү деңгеелде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору “Хельветас Кыргызстан” жана өнүктүрүү саясат иниституту тарабынан аткарылып жаткан долбоорду каржылоого келген акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б. Туратбек уулунун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII –чакырылышынын кезектеги ХVII-сесиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- «Жергиликтүү денгеелде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору Хельветас Кыргызстан жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылып жаткан долбоорго келген акча каражаты №1 тиркемеге ылайык “Башкаруу аппаратынын” атайын каражаты аркылуу кошумча смета түзүлүп бекитилсин.
- Бул каражатты бөлуп берүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнун ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Б. Туратбек уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э.Эшалиевге жүктөлсүн.
Төрага: Т. Батыралиев
Ак-ЖолайылдыкКеңешинин 2019-жылдын 15-октябрындагы VII-чакырылышынын XVIIсессиясындагы №3/4 токтомуна №1 – тиркеме
№ | Чыгашалар | Сумма |
1 | Транспорт чыгашалары | 8,1 |
2 | Уюлдук байланыш кызматына | 1,2 |
3 | Тамак-аш азыктарын алуу | 22,8 |
4 | Концелярдык товарларды алуу | 2,8 |
Жалпы сумма | 34,9 |
Ак-ЖолайылдыкКеңешинин
бюджет комитетинин төрагасы : Э. Эшалиев
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII -сессиясынын
ТОКТОМУ № 3/5
2019-жылдын 15-октябры. Ак-Жол айылы.
Ак_Жол айыл аймактык Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги 8/5- маселеси Ак_Жол айыл аймактык Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айылынын тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Кыргыз Республикасынын маданият тьармагына сиңирген эмгегин баалоо менен ЭЛТР теле каналынын алып баруучусу ,”Маданияттын мыкты кызматкеери “, “Айтыш “ коомдук фондусунун төрагасынын орун басары,Т Тыныбеков атындагы фонддун аткаруучу директору көптөгөн китептин автору Адылов Шекербек Кубанычбековичке Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Тиешелүү иш кагазалдарын даярдоо жана “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу салтанатын уюштуруу жагы Ак-жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго жүктөлсүн.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.