Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XV -сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
2019-жылдын 12-июну Ак-Жол айылы.
Ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү
Аксы районунун прокуратурасынын сунушун кароо жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын XV – кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги 2- маселеси болгон Ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Аксы районунун прокуратурасынын сунушун кароо жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз XV — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Аксы райондук прокуратурасынын ченемдик укуктук актыларынын бузулушун чететтүү жөнүндөгү сунушу аткарылууга алынсын .
- Айылдык Кеңештин жооптуу катчысына Кеңештин токтомдорун кабыл алууда укуктук жактарын райондук прокуратура менен макулдашуу жагын колго алуу милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо. Депутаттык этика, мандат,регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Куттубаевге жүктөлсүн.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кенешинин төрагасы: Т.Батыралиев.