Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги IV —сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
2017-жылдын 26-сентябры. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагында кен байлыктардын казылып алынышы андан түшкөн салык, жыйымдар жана экологиялык абалдын сакталышы жөнүндө .
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси Ак-Жол айыл аймагында кен байлыктардын казылып алынышы андан түшкөн салык, жыйымдар жана экологиялык абалдын сакталышы жөнүндө Айыл чарба,жаратылышты коргоо ,экология , өнөр жай ,транспорт , байланыш, ишкердик иш, электр энергия ,маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, депутат И.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл аймагында кен казып жаткан ишканалардын бүгүнкү күндө мамлекеттик салыктарды соц.пакетти жана келишимдин негизинде айыл Өкмөтүнүн тургундарына жардам берип жаткан бирден бир ишкана ОсОО “Тегене ” экендиги белгиленсин. Ошону менен бирге бул ишкананын жетекчилигине айылдык Кенештин атынан жана айыл Өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдирилсин.
- ОсОО “Север КG” , ОсОО “ Майн Карп” жана ОсОО “А.С.А Люкс” ишканаларынын жетекчилигине айыл өкмөтүнө төлөй турган төлөмдөрдү жана мамлекеттик салыктарды тез аранын ичинде кутулуу жагы билдирилсин.
- Айыл өкмөттүн аймагында мыйзамсыз көмүр казып жаткан жеке атуулдар менен үзгүлтүксүз иш алып баруу , түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги IV —сессиясынын
ТОКТОМУ № 2
2017-жылдын 26-сентябры Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл Өкмөтунун вет.адиси Т.Суеркулов жана соц.адис А.Сатыбалдиевдин жүргүзгөн иштери жана калкка көрсөтүп жаткан кызматы жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси Ак-Жол айыл Өкмөтунун вет.адиси Т.Суеркулов жана соц.адис А.Сатыбалдиевдин жүргүзгөн иштери жана калкка көрсөтүп жаткан кызматы жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, депутаттык этика, мандат, регламент , жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, депутат У.Куттубаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн вет.адиси Т.Суеркуловдун жүргүзүп жаткан иштери , калкка көрсөтүп жаткан кызматы канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн соц.адиси А.Сатыбалдиевдин жүргүзүп жаткан иштери , калкка көрсөтүп жаткан кызматы жакшы экендиги белгиленсин.
- Төрт түлүк малды идентификациялоодо кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы Т.Суеркуловго эскертилсин.
- Ак-Жол айыл аймагындагы калкка берилип жаткан жардамдар өз деңгээлинде экендиги белгиленсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги IV —сессиясынын
ТОКТОМУ № 3
2017-жылдын 26-сентябры Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагындагы ФАПтардын жана М.Эсенгелдиев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун элди тейлөөдөгү абалы, жүргүзгөн иштери жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси Ак-Жол айыл аймагындагы ФАПтардын жана М.Эсенгелдиев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун элди тейлөөдөгү абалы, жүргүзгөн иштери жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Билим берүү социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл аймагындагы ФАПтардын жана М.Эсенгелдиев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун элди тейлөөдөгү абалы, жүргүзгөн иштери , калкка көрсөтүп жаткан кызматы канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
- №10 ҮДТ , жана бардык ФАПтардын кышка карата даярдыгын бүткөрүүдө кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы А.Чоноровага милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги IV —сессиясынын
ТОКТОМУ № 4
2017-жылдын 26-сентябры. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар уюмунун , спорт жана маданият тармагынын айыл аймагындагы абалы жана машыктыруучулар Сатканкулов Бактыбек менен Козуев Мелистин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын күн тартибиндеги тортүнчү маселеси Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар уюмунун , спорт жана маданият тармагынын айыл аймагындагы абалы жана машыктыруучулар Сатканкулов Бактыбек менен Козуев Мелистин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо. Депутаттык этика, мандат,регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Куттубаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл Өкмөтунун алдындагы Жаштар уюмунун , спорт жана маданият тармагынын айыл аймагындагы абалы жана машыктыруучулар Сатканкулов Бактыбек менен Козуев Мелистин жүргүзүп жаткан иштери , калкка көрсөтүп жаткан кызматы канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
- Д.Текеев машыктыруу залынын тазалыгын кароо, жаш өспүрүмдөрдү такай машыктыруу жагын колго алуу жагы Б.Сатканкуловго эскертилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги IV —сессиясынын
ТОКТОМУ № 5
2017-жылдын 26-сентябры Ак-Жол айылы.
Разан-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын айыл башчыларынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча билдирүүсүн угуу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселеси Разан-Сай айылынын айыл башчысы Ж.Садыровдун , Кызыл-Бейит айылынын айыл башчысы К.Рамановдун жыл ичинде жүргүзгөн иштери, калкка көрсөткөн кызматы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Разан-Сай айылынын айыл башчысы Ж.Садыровдун жыл ичинде жүргүзгөн иштери, калкка көрсөткөн кызматы канааттандыралык экендиги белгиленсин.
- Кызыл-Бейит айылынын айыл башчысы К.Рамановдун жыл ичинде жүргүзгөн иштери, калкка көрсөткөн кызматы канааттандыралык экендиги белгиленсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги IV —сессиясынын
ТОКТОМУ № 6/1
2017-жылдын 26-сентябры Ак-Жол айылы.
О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жана А.Жолдошов атындагы башталгыч билим берүүчү мектебинин жетекчилеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын күн тартибиндеги 6/1- маселеси О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин директору Б.Ажиевдин жана А.Жолдошов атындагы башталгыч билим берүүчү мектебинин директору Ж.Көкөлөеванын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин директору Б.Ажиевдин жыл ичинде жүргүзгөн иштери канааттандыралык экендиги белгиленсин.
- А.Жолдошов атындагы башталгыч билим берүүчү мектебинин директору Ж.Көкөлөеванын жүргүзүп жаткан иштери канааттандыралык экендиги белгиленсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги IV —сессиясынын
ТОКТОМУ № 6/2
2017-жылдын 26-сентябры Ак-Жол айылы.
Атаяровдордун уй-булосунун кайрылуусун кароо.
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын күн тартибиндеги 6/2- маселеси Атаяровдордун үй-бүлөсүнүн кайрылуусун кароо жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Тегене айылынын тургундары Атаяровдордун айылдык Кеңешке кайрылуусу негизсиз деп табылсын.Себеби бул жолдоштордун жашаган жамааты болгону 4-5 кожолуктан тургандыктан көчө ыйгаруу туура келбегендигин арыздануучуларга туура түшүндүрүү жагы белгиленсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги IV —сессиясынын
ТОКТОМУ № 6/3
2017-жылдын 26-сентябры Ак-Жол айылы.
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн “Типтүү келишимди” бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын күн тартибиндеги 6/3- маселеси Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн “Типтүү келишимди” бекитүү жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Ажыматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча тузулгон “Типтүү келишими” бекитилсин.
- Бюджеттик жол-жоболорго ылайык , ЖПБ/ ЖК жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдү жергиликтүү бюджеттин кирешесинин ,14152200 “Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөм” киреше элементинин эсебине киргилисин.
- Бул келишимдин аткарылышын колго алуу жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловко жана Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевке милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.