03 .02.2017.ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII- чакырылышынын кезексиз I-сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун
мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз I- сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси болгон Айылдык Кеңештин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
- Аталган токтом Ак-жол айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg дарегине ,расмий веб.сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оңоловго милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
03 .02.2017.ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII- чакырылышынын кезексиз I-сессиясынын
ТОКТОМУ № 2
Ак-Жол айылдык Кеңешинин жаңы регламенти жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз I- сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси болгон Айылдык Кеңештин жаңы регламенти жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жаңыдан кабыл алган регламенти бекитилсин .
- Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жаңыдан кабыл алган регламенти тиркемеси менен Ак-жол айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg дарегине ,расмий веб.сайтына жарыялансын.
- Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жаңыдан кабыл алган регламентти тиркемеси менен расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оңоловго милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
03 .02.2017.ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII- чакырылышынын кезексиз I-сессиясынын
ТОКТОМУ № 3
Туруктуу комиссиялардын санын жана курамын түзүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз I- сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси болгон туруктуу комиссиялардын санын жана курамын түзүү жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оңоловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинде 4 багыт боюнча туруктуу комиссиялардын курамы түзүлсүн (тиркеме тиркелет).
- Ар бир багыт боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиялардын төрагалыгына сунушталган депутаттардын талапкерлиги бөлүнгөн мүчөлөрү менен бекитилсин ( тиркеме тиркелет).
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII- чакырылышынын кезексиз
I-сессиясынын 03 .02.2017.жылдагы № 3 токтомуна №1-тиркеме.
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин туруктуу комиссияларынын курамы.
- Экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча- 5 адам.
- Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча-5 адам.
- Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо. Депутаттык этика, мандат,регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча- 4 адам.
- Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча -5 адам.
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII- чакырылышынын кезексиз
I-сессиясынын 03 .02.2017.жылдагы № 3 токтомуна №2-тиркеме.
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин туруктуу комиссияларынын курамы.
- Экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча- 5 адам.
- Э.Эшалиев-төрага.
Мүчөлөрү:
- Стамбеков А
- Кайнакеев С
- Үсөнов Т
- Б.Токтобаев
- Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча-5 адам.
- Ж.Рыспаев-төрага.
Мүчөлөрү:
- Казыбекова С
- Ж.Базарбаев
- К.Айтикеев
- Ж.Кулжабаев
- Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо. Депутаттык этика, мандат,регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча- 4 адам.
- У.Куттубаев-төрага.
Мүчөлөрү:
- Коңурбаев А.
- Н.Кабаев
- Ж.Батырбеков
- Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча -5 адам.
- И.Сатыбеков-төрага.
Мүчөлөрү:
- Жусупбаев Т.
- Ж.Бакеев
- М.Азимбеков
- А.Жанаев