Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын ТОКТОМУ №2
Ак-Жол айылы 2024-жылдын 19-январы
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин 2024- жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын күн тартибиндеги, биринчи маселеси боюнча айылдык аймактык Кеңештин жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак- Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айылдык Кенешинин 2024-жылга карата кабыл алган иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ак-Жол айылдык Кеңешинин кабыл алынган иш планы белгиленген графиктин негизинде үзгүлтүксүз өткөрүү жагын көзөмөлдөө Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Токтогулова Уултайга милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык Кеңешинин
аймактык төрагасы: Ж.Алыбаев.
Recent Comments