[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын ТОКТОМУ № 6 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги XVIII сессиясынын

    ТОКТОМУ № 6

    2023-жылдынг14- октябры                                                                                 Ак-Жол  айылы

    .

    Айыл аймагындагы кээ бир социалдык

     обьектилерди  баланска  тартуу жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  XVIII сессиясынын күн тартибиндеги  7/4 -маселеси боюнча Айыл аймагындагы кээ бир социалдык

     обьектилерди  баланска  тартуу жөнүндө Муниципалдык  менчикти башкаруу боюнча башкы адис Ы Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезектеги  XVI сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Ак-Жол айыл  аймагынын Ак-Жол айылынын Б Омүрбекова көчөсүнун №26-дарек боюнча жайгашкан №10-Үй-бүлөлүк  дарыгерлер тобунун имаратын  жана Ак-Жол айылынын  А Суеркулов  көчөсүндөгү №12/7дареги боюнча  жайгашкапн  мечитти  жер  учаскалары менен кошо  Ак-Жол айыл өкмөтүнүн балансына  алууга  макулдук  берилсин.
    • Аталган  токтомду  расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын  мамлекеттик реестрине  киргизүү жагы  айылдык  Кеңештин жооптуу катчысы К Сатыбековго милдеттендирилсин

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                          Ж Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын ТОКТОМУ № 5 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги XVIII сессиясынын

    ТОКТОМУ № 5

    2023-жылдын 14- октябры                                                                                Ак-Жол  айылы.

    Жолборсту  айылынын Жайык-Өрдөш

                                                                                    жолуна  ат  берүү жөнундө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  XVIII сессиясынын күн тартибиндеги 7/3 -маселеси боюнча Жолборсту  айылынын Жайык-Өрдөш жолуна  ат  берүү жөнундө айыл Өкмөттүн муниципалдык менчик жана турак-жай боюнча башкы адис Ы Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезектеги  XVIII сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Жолборсту  айылынын  Жайык-Өрдөш учаскасындагы   эл каттоочу жолго ат берүү жөнүндөгү Жолборсту айылынын айыл башчысы Б Райымбековдун маалыматынын  негизинде бул жолго Сатыбеков Ташболоттун ысмы  ыйгарылсын.
    2. Аталган  жол Сатыбеков Ташболот атындагы Жайык-Өрдөш жолуболуп аталсын.
    3. Ак-Жол айыл аймагынын ушул токтому Ак-Жол айыл өкмөтүнун www.akjoI.eI.kg веб-сайтына  жарыялансын.
    4. Аталган  токтомду  расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын  мамлекеттик реестрине  киргизүү жагы  айылдык  Кеңештин жооптуу катчысы К Сатыбековго милдеттендирилсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                          Ж Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын ТОКТОМУ № 4 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги XVIII сессиясынын

    ТОКТОМУ № 4

    2023-жылдын 14 –октябры                                                                 Ак-Жол  айылы.

    Айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын  ыйгаруу жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  XVIII сессиясынын күнтартибиндеги  7/2 -маселеси боюнча Айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын  ыйгаруу жөнүндө айылдык  Кеңештин жооптуу катчысы К Сатыбековдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезектеги  XVIII сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Коңурбаев Абдибалинин жалпы элдин үлүш жерлерин жана чөп  чабынды  аянттарын тоют топтоо сезонуна карата даярдоо боюнча жүргүзгөн иш аракеттерин баалоо менен айыл элинин тургундарынын сунуштарына негиз Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул “наамы ыйгарылсын.
    2. Аталган  токтомду расмий жарыялоо жана КР  ченемдик укуктук актыларынын  мамлекеттик реестрине  киргизүү жагы  айылдык Кеңештин  жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                          Ж Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын ТОКТОМУ № 3 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII чакырылышынын   кезектеги XVIII сессиясынын

    ТОКТОМУ № 3

    2023-жылдын 14-октябры                                                                             Ак-Жол  айылы.

      Мамлекеттик сыйлыкка  көрсөтүү жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  XVIII сессиясынын күн тартибиндеги 7/1 -маселеси болгон Мамлекеттик сыйлыкка  көрсөтүү жөнүндө айыл өкмөтүнун жооптуу катчысы М Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезектеги  XVIII сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1.      Ак-Жол айыл аймагынын М Сыдыков атындагы №17- жалпы  билим берүүчү  мектептин  мугалими”Эл агартуунун мыктысы “ Ак-Жол айыл аймагынын “ Ардактуу атуул “наамынын ээси Жүндүбаев Туратбек Мамыровичтин көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалоо менен Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик сыйлыгына  көрсөтүү жөнүндөгү 2023-жылдын  20-сентябрындагы №9-токтому  жана Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 11-октябрындагы №287-токтому негиздүү деп  табылып жогорку инстанцияларга бул токтомду колдоп берүү жагы  сунушталсын.

    1. Ак-Жол айыл аймагынын ушул токтому Ак-Жол айыл өкмөтүнун www.akjoI.eI.kg веб-сайтына  жарыялансын.
    2. Аталган  токтомду  расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын  мамлекеттик реестрине  киргизүү жагы  айылдык  Кеңештин жооптуу катчысы К Сатыбековго милдеттендирилсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                       Ж Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясынын ТОКТОМУ №__2_ отключены

    Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги

    XVIII-сессиясынын

    ТОКТОМУ №__2_

    2023-жылдын 14-октябры.                                                                  Ак-Жол  айылы.

    Административдик –аймактык  реформа  жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезекcиз XVIII сессиясынын күн тартибиндеги  экинчи  маселеси болгон Административдик –аймактык  реформа  жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  башчысы Т  Султамуратовдун билдирүүсүн угуп  жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезексиз  XVIII сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Административдик- аймактык  реформанын вегизги максаты элге жеңилдик жана ыңгайлуулукту түзүү болуп саналгандыктан  Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  территориясы өтө  чачкын жайгашкандыгын эске алуу менен эки айылга тең таандык болгон Кызыл-Мойнок административдик  борбор болуп аталсын.
    1. Ак-Жол жана  Жаңы-Жол айыл өкмөттөрү бириктирилип,  аймактын  аталышы Ак-Жол айыл аймагы болуп аталышына   макулдук  берилсин.

                         Ак-Жол  айылдык аймактык

          Кеңешинин  төрагасы:                                                      Ж Алыбаев

« Previous Entries   Next Entries »

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]