Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
XV сессиясынын
Т О К Т О М У № 5/7
2023-жылдын 17-апрели Ак-Жол айылы.
“А.С.А. люкс” Жоопкерчилиги чектелген
коомунун ишмердүүлүгү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселесинин 5/7пункту болгон “А.С.А. люкс” Жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү жөнүндөгү маселе боюнча Ак-Жол айыл өкмөтүнун айыл-чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Б Райымбековдун маалыматтарын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVсессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл аймагынын Кара-Тыт айылынын Белдеме учаскасынан Каолин кенин казып жаткан”А.С.А. люкс ишканасынын жүргүзуп жаткан иши Ак-Жол айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сесиясынын №2-токтомуна, Аксы райондук мамлекеттик администрациясына жолдонгон Ак-Жол айыл өкмөтүнун 10-август 2015-жылдагы №188 катына жана Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясына жолдонгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн №187-катына негиз иш жүргүзүп келе жаткандыгы белгиленсин.
- Учурда бул ишкана жер аянтына төлөнүүчү жер салыктарын Аксы токой чарбасына төлөп жаткандыктан кайрадан тиешелүү иш кагаздарын тактап салыкты айыл өкмөтүнө төлөтүү жаатында иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т Султамуратовко жүктөлсүн.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.
Recent Comments