Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
17-май 2017-ж. Ак-Жол айылы.
Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын
рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын
кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин Айыл чарба,жаратылышты коргоо,экология, өнөр жай , транспорт, байланыш, ишкердик, электр энергия, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы депутат У.Куттубаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жана элди тейлөөнүн абалы өз деңгеелинде экендиги белгиленсин.
- Аксы токой чарбасынын директорунун чарбачылдыгы , иштин көзүн таба билгендиги , элдин оозундагы алкоо сөздөрү, элдин ыраазычылыгы жетекчинин жүргүзгөн иши учур талабына жооп берерлиги белгиленсин
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын
ТОКТОМУ № 4
17-май 2017-ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагынын аймагындагы жалпы билим берүүчү,
негизги жана башталгыч мектептерде шашке чайын берүүнүн абалы,
М.Сыдыков жана А.Жуманазаров мектептерин жетектеген
жетекчилердин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси Ак-Жол айыл аймагынын аймагындагы жалпы билим берүүчү, негизги жана башталгыч мектептерде шашке чайын берүүнүн абалы, М.Сыдыков жана А.Жуманазаров мектептерин жетектеген жетекчилердин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Билим берүү социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн аймагындагы М.Сыдыков , Т.Тыныбеков атындагы жалпы билим берүүчү,А.Мырзабеков атындагы негизги мектебинде шашке чайын берүүнүн абалы жана мектептин тазалыктары жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин.
- Айыл Окмотунун аймагындагы О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде холодильниктин бузук болушу , А.Жолдошов атындагы башталгыч били берүүчү мектебинде идиш-аяктардын жетишсиздиги , тамак ичүүчү жайдын сыздыгы мектеп жетекчилигинин кемчилдиги катары баалансын.
- М.Сыдыков мектебинин жетекчиси К.Камбаровдун жыл ичинде жүргүзгөн иши “жакшы” деп баалансын жана А.Жуманазаров мектебинин жетекчиси Ж.Алимбекованын жыл ичинде жүргүзгөн иши “канааттандырарлык” деп баалансын.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын
ТОКТОМУ № 3
17-май 2017-ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагынан регионду өнүктүрүү фондунун
каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн Ак-Жол
айылындагы эс алуу паркынын курулушун толук
бүткөрүү долбоорун сунуш кылуу жөнүндө .
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги 3- маселеси Ак-Жол айыл аймагынан регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн Ак-Жол айылындагы эс алуу паркынын курулушун толук бүткөрүү долбоорун сунуш кылуу жөнүндө А.Сатыбалдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл аймагынан регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо проектисине сунуш кылуу үчүн Ак-Жол айылындагы эс алуу паркынын курулушун толук бүткөрүү долбоору алгылыктуу деп табылсын .
- Бул долбоордун тиешелүү иш кагаздарын жана документтерин даярдоо жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн соц .адиси А.Сатыбалдиевке милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын
ТОКТОМУ № 2
17-май 2017-ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы,
андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги 2- маселеси Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин экономика , бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Э.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши негизинен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
- Ак-Жол базарында сатуучулар жана кардарлар үчүн жакшы шарттарды түзүү , мал базарды ылайыкташтыруу жагы Ак-Жол базарынын жетекчиси Н.Мырзабековго милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын
ТОКТОМУ № 5
17-май 2017-ж. Ак-Жол айылы.
Аскердик каттоо жана жарандарга паспорт берүүдөгү айыл
Өкмөт кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселеси Аскердик каттоо жана жарандарга паспорт берүүдөгү айыл Өкмөт кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин мыйзамдуулук ,укук тартибин сактоо,депутаттык этика , мандат, регламент, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Куттубаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Аскерге каттоо жана элге паспорт берүүдөгү Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана 50-33/3 Жаңы-Жол паспорт, виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштери учур талабына туура келээрлиги белгиленсин.
- Калк арасындагы сын-пикирлерди эске алуу менен мындан ары альтернативалык кызматтагы уландардын колуна тиешелүү документтерин өз убагында бүткөрүп берүү жагы ВУС кызматкери Айталиев Максатка милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын
ТОКТОМУ № 6
17-май 2017-ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн салык кызматкеринин мамлекеттик салыктарды
чогултуудагы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги алтынчы маселеси Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн салык кызматкеринин мамлекеттик салыктарды чогултуудагы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин экономика , бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Э.Эшалиевдин билдирүүсүн билдируусун угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III- сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5 айына карата мамлекеттик салыктардын жана жыйымдардын топтолушу ,план тапшырмалардын аткарылышы ,салыктын кээ бир түрү толбогондугуна карабастан жалпысынан аткарылгандыгы белгиленсин.
- Айыл Өкмөтүнүн салык кызматкери Н Мырзатаевге салыктын кээ бир аткарылбаган түрлөрүнүн үстүндө иш алып баруу жагы милдеттендирилсин жана элди тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштеринин абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын
ТОКТОМУ № 7/6
10-февраль 2017-ж. Ак-Жол айылы.
Шынаа, Кара-Тыт айылдарынын айыл башчыларынын жыл ичинде
жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III — сессиясынын күн тартибиндеги 7/6- маселеси боюнча Шынаа айылынын айыл башчысы А.Мырзагуловдун жана Кара-Тыт айылынын айыл башчысы С.Асаналиевдин жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Шынаа айылынын айыл башчысы Н Сабитбековдун жыл ичинде жүргүзгөн иштери, эл менен иш алып баруусу канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
- Кара-Тыт айылынын айыл башчысы С.Асаналиевдин жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы канааттандыралык деп табылсын.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын
ТОКТОМУ № 7/2
17-май 2017-ж. Ак-Жол айылы.
Шынаа айылындагы спорт залга Кыдыралиев Умбеталы
Токторалиевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III — сессиясынын күн тартибиндеги 7/2- маселеси Шынаа айылындагы спорт залга Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, спорт чебери Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ысымын Шынаа айылындагы жаны курулган спорт комплекске ыйгаруу боюнча кайрылган Шынаа айылынын тургундарынын кайрылуусу негиздүү деп табылсын.
- Спорт комплекстин мындан ары иштешине, келечек муундарды татыктуу тарбиялоо үчүн спорттук секцияларды уюштуруп ,атайын штаттык бирдиктерди ачууга жардам көрсөтүү жагы Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтен суралсын.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын
ТОКТОМУ № 7/3
17-май 2017-ж. Ак-Жол айылы.
Айылдык дабагер Сатылганова Токтокан эженин
дарылануучуларынын кайрылуусун кароо жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III — сессиясынын күн тартибиндеги 7/3- маселеси Айылдык дабагер Сатылганова Токтокан эженин дарылануучуларынын кайрылуусун кароо жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
Элдик дарыгер Сатылганова Токтокандын жүргүзгөн иши , элди кароосу жеке тейлөөдө болгондуктан ал кишинин дарылануучуларынын кайрылуусу негизсиз деп табылып , каражат бөлүнүпберилбей тургандыгы билдирилсин.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын
ТОКТОМУ № 7/4
17-май 2017-ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти
башкаруу боюнча башкы адиси М. Смановдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III — сессиясынын күн тартибиндеги 7/4- маселеси Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси М. Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Асфальт төшөө иштери башталганы жаткандыктан Ак-Жол , Райкомол айыл тургундарынын короо-жайына туш келген , жалпысы 4068 м2 жер аянты жол куруу үчүн өткөрүлүп берилсин (тизме тиркелет).
- Айылдык Кеңештин жана айыл Өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын
ТОКТОМУ № 7/7
17-май 2017-ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин “Ардактуу атуул “ наамын ыйгаруу жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III — сессиясынын күн тартибиндеги 7/5- маселеси Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин “Ардактуу атуул “ наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун аткаруучу директору Абыкеев Алмазбек Кеңешовичке Ак-Жол айыл аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
- “Ардактуу атуул” наамын тапшыруу аземин уюштуруу жана тиешелуу иш кагаздарын даярдоо жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын
ТОКТОМУ № 7/7
17-май 2017-ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин “Ардактуу атуул “ наамын ыйгаруу жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III — сессиясынын күн тартибиндеги 7/6- маселеси Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин “Ардактуу атуул “ наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Жалал –Абад облусундагы координатору Токоев Сапарбек Исабековичке Ак-Жол айыл аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
- “Ардактуу атуул” наамын тапшыруу аземин уюштуруу жана тиешелуу иш кагаздарын даярдоо жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын
ТОКТОМУ № 7/5
17-май 2017-ж. Ак-Жол айылы.
Жол-Бакан, Көк-Кыя , Кара-Тыт маселелери боюнча Тегене,
Шынаа айылдарынын айыл тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III — сессиясынын күн тартибиндеги 7/8- маселеси Жол-Бакан, Көк-Кыя маселелери боюнча Тегене , Шынаа айылдарынын айыл тургундарынын кайрылуусу боюнчаАк-Жол айыл Окмотунун салык инспектору Н Мырзатаевдин билдирүүсүн угуп, 3-декабрь 2014-жылдагы Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимине негиз Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Кыргызмамжердолбоорлоо” инсититутуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициянын адистери тарабынан даярдалган Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер пайдалануусунун долбоорлоо план картасын бекиткен Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХII – сессиясын жетекчиликке алып Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун “Ош облусунун Жаңы-Жол районунда Ак-Жол селолук советин түзүү жөнүндөгү” 1968-жылдын 25 –ноябрындагы № 421- VII указынын негизинде Ак-Жол айыл округунун картасын сызып берүүнү милдеттендирген Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 3-декабрь 2014-жылдагы чечимине таянып мындан ары жалпы талашка түшүп жүргөн Жол-Бакан, Көк-Кыя , Кара-Тыт участкалары Ак-Жол айыл Өкмөтүнө таандык деп таанылсын.
- Аты аталган участкалардагы мал жайыты боюнча болуп келген тирешүүлөрдү жөнгө салуу , талоонго түшүп жаткан токой аянттарын көзөмөлдөөнү колго алуу жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Тиешелуу иш кагаздарын тактап берүү жагы Аксы райондук каттоо жана жерге жайгаштыруу бөлүмүнөн суралсын.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев
Recent Comments