Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын
ТОКТОМУ № 4
2023-жылдын 14 –октябры Ак-Жол айылы.
Айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын күнтартибиндеги 7/2 -маселеси боюнча Айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө айылдык Кеңештин жооптуу катчысы К Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VIII — чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Коңурбаев Абдибалинин жалпы элдин үлүш жерлерин жана чөп чабынды аянттарын тоют топтоо сезонуна карата даярдоо боюнча жүргүзгөн иш аракеттерин баалоо менен айыл элинин тургундарынын сунуштарына негиз Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул “наамы ыйгарылсын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж Алыбаев