Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын
ТОКТОМУ № 3
2023-жылдын 14-октябры Ак-Жол айылы.
Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын күн тартибиндеги 7/1 -маселеси болгон Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө айыл өкмөтүнун жооптуу катчысы М Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VIII — чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Жол айыл аймагынын М Сыдыков атындагы №17- жалпы билим берүүчү мектептин мугалими”Эл агартуунун мыктысы “ Ак-Жол айыл аймагынын “ Ардактуу атуул “наамынын ээси Жүндүбаев Туратбек Мамыровичтин көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалоо менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүү жөнүндөгү 2023-жылдын 20-сентябрындагы №9-токтому жана Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 11-октябрындагы №287-токтому негиздүү деп табылып жогорку инстанцияларга бул токтомду колдоп берүү жагы сунушталсын.
- Ак-Жол айыл аймагынын ушул токтому Ак-Жол айыл өкмөтүнун www.akjoI.eI.kg веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы К Сатыбековго милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж Алыбаев