Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын
ТОКТОМУ № 6\7
2023-жылдынг25- июлу Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагынын чек арасынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын күн тартибиндеги 6/7 -маселеси боюнча Ак-Жол айыл аймагынын чек арасынын долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Т Султамуратовдун айыл өкмөтүнүнжер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Ы Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VIII — чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 25.11.1968-жылкы №421-УП Указын жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1982-жылдын 27-августундагы №296-Х Указын жетекчиликке алып”Кыргызмамжер долборлоо”институна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Ак-Жол айыл аймагынын административдик аймактык чек арасын тактоо долбоору бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
Т. Султамуратовго жүктөлсүн.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж Алыбаев