Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
XVIII-сессиясынын
ТОКТОМУ №__2_
2023-жылдын 14-октябры. Ак-Жол айылы.
Административдик –аймактык реформа жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезекcиз XVIII сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси болгон Административдик –аймактык реформа жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Т Султамуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VIII — чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Административдик- аймактык реформанын вегизги максаты элге жеңилдик жана ыңгайлуулукту түзүү болуп саналгандыктан Ак-Жол айыл өкмөтүнүн территориясы өтө чачкын жайгашкандыгын эске алуу менен эки айылга тең таандык болгон Кызыл-Мойнок административдик борбор болуп аталсын.
- Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл өкмөттөрү бириктирилип, аймактын аталышы Ак-Жол айыл аймагы болуп аталышына макулдук берилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж Алыбаев