Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
2022-жылдын 13-сентябры Ак-Жол айылы.
Жергиликтүү жамааттардын биринчи Элдик Курултайынын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүүнү уюштурууу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” № 284-Жарлыгына ылайык,биринчи жергиликтүү курултайды өткөрүү боюнча Ак-Жол айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо. Депутаттык этика, мандат,регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Жергиликтүү курултай 2022-жылдын 5-ноябрында саат 10-00гө Ак-Жол айылынын борборундагы маданият үйүндө өткөрүү жагы белгиленсин.
2.Жергиликтү курултайга айыл аймактын калкынын саны 9354 адамга жараша
50 делегат бекитилсин жана калктын калктуу конуштарда жайгашуу пропорциясына карата
-Ак-Жол айылына -21 делегат
-Жолборсту айылына -4делегат
— Райкомол, Кечүү айылдарына -11делегат
— Тегене,Кара-Тыт айылдарына -9-делегат
-Кызыл-Бейит, Кур-Кокту,Күрп-Сай, Разан-Сай айылдарына-5делегат шайлансын.
- Жергиликтүү курултайга жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүү графиги төмөнкүдөй
тартипте белгиленсин:
— Ак-Жол айылында 10.2022-жылы саат 10-00гө
-Жолборсту айылында 15.10.2022-жылы саат 15-00гө
— Райкомол айылында 17.10.2022-жылы саат 10-00гө
— Кечүү айылында 17.10.2022-жылы саат 15-00гө
— Тегене айылында 18.10.2022-жылы саат 10-00гө
— Кара-Тыт айылында 18.10.2022-жылы саат 15-00гө
— Разан-Сай, Күрп-Сай айылдарында 19.10.2022-жылы саат 10-00гө
-Кызыл-Бейит, Кур-Кокту айылдарында 19.10.2022-жылы саат 15-00гө
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо. Депутаттык этика, мандат,регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төагасы К Оңоловко жүктөлсүн
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы Ж Алыбаев