Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ №1
2021-жылдын 6-декабры Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Ак-Жол базарын тейлеген кызматкердин жүргузгөн иши, базардан чогултулган жыйымдардын максаттуу пайдаланышынын абалы жөнүндө.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендинжана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынынбилдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 1-тиркемеге негиз жүргүзүлсүн.
- Бул токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалыга жүктөлсүн.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ № 2
2021-жылдын 6-декабры Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарбоюнча ыксыз чыгымдарды жою максатында айыл башчылардын жана соц адистин жүргүзгөн иштери жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги 2- маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча ыксыз чыгымдарды жою максатында айыл башчылардын жана соц адистин жүргүзгөн иштери жөнүндө туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча айыл башчылар жана айыл активдери тарабынан ысырапкорчулукка каршы жүргүзүлуп жаткан иштер канааттандырарлык деп табылсын.
- Жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарын угуп ,калктын калың катмарына ыксыз чыгымдарды жою максатында түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында атайын жумушчу топторду түзүү жагы колго алынсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрайымына жүктөсүн.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ № 3
2021-жылдын 6-декабры Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч, негизги,жалпы билим берүүчү мектептердин кышка карата даярдыгы жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясынын күн тартибиндеги 3-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч ,негизги,жалпы билим берүүчү мектептердин кышка карата даярдыгы жөнүндө туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Vсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч ,негизги,жалпы билим берүүчү мектептердин кышка карата даярдыгы өз деңгеелинде экендиги белгиленсин.
- М Сыдыков, Т Тыныбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектептердин жана Ж Орозалиев атындагы негизги мектептин кышка карата даярдыктары өзгөчө экендиги баса белгиленип башка мектептерге улгу деп табылсын.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ № 4
2021-жылдын 6-декабры Ак-Жол айылы.
ФПЗнын жер аянттарын арендага берилиши боюнча айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу адисинин билдирүүсү жонүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги 4-маселеси ФПЗнын жер аянттарын арендага берилиши боюнча айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФПЗ нын жер аянттарынын арендага берилиши жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин.
- Аренда акысын өз мөөнөтүндө төлөбөгөн атуулдарга кийинки жылга келишим бузула тургандыгы эскертилсин жана аткарууга алынсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу бюджет комитетинин төрагасы Т.Сейитбековго милдеттендирилсин..
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ № 5
2021-жылдын 6-декабры Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч, негизги,жалпы билим берүүчү мектептерде шашке чайдын берилиши жана билим сапатынын абалы жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги 5-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч, негизги,жалпы билим берүүчү мектептерде шашке чайдын берилиши жана билим сапатынын абалы жөнүндө туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл өкмөтүнүн аймагындагы аймагындагы башталгыч,негизги,жалпы билим берүүчү мектептерде шашке чайдын берилишинде таттуу токоч,пряниктер жана булочкалар мөөнөтү сакталбай жеткирилип жаткандыгы баса белгилнсин.
- Мектеп жетекчилигине райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте мындай терс көрүнуштөрдү тез аранын ичинде колго алуу жагы эскертилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ № 6/1
2021-жылдын 6-декабры Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айылындагы Акматбек Султанмуратов атындагы №30- мектепке чейинки билим берүү уюмуна ат берүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясынын күн тартибиндеги 8/1-маселеси болгон Акматбек Султанмуратов №30- мектепке чейинки билим берүү уюмуна ат берүү жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Нурдинова Таттыбүнүн билдирүүсүн жана Билим берүү ,социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айылында №30- мектепке чейинки билим берүү уюму ачылсын.
- Ак-Жол айылынын “Ардактуу атуулу”, “Муниципалдык кызматтын мыктысы”наамдарынын ээси Султанмуратов Акматбек Султанмуратовичтин көп жылдар бою Жергиликтүүөз алдынча башкаруу органына сиңирген эмгегин баалоо менен Ак-Жол айыл аймагынын Шынаа айылындагы №30-мектепке чейинки билим берүү уюмуна анын ысмы ыйгарылсын.
- Аталган мектепке чейинки билим берүү уюмунун уюштуруу маселесин чечүү Ак- Жол айыл Өкмөтүнун башчысы Т Султамуратовго милдеттендирилсин.
- Ак-Жол айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарынын маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин
- Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев