Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIIIчакырылышынын кезектеги X сессиясынын
ТОКТОМУ № 6\5
2022-жылдын 09-сентябры Ак-Жол айылы.
Жолборсту айылынын Жайык
учаскасына ат берүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын күн тартибиндеги 6/5 -маселеси боюнча айыл Жолборсту айылынын айыл башчысы Б Райымбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, эмгек ардагери Усекеев Сейиткулдун
ысмы өзү жашап өткөн Улуу Жайык көчөсүнө айылдаштарынын сунушуна негиз ыйгарылсын.
- Бул көчөгө аты коюлгандан кийин мезгил мезгили менен ремонттон чыгарып ,көчөнүн тазалыгына көңүл буруп карап туруу жагы Үсекеев Сейиткулдун уулдарына милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун бир нускасы Аксы райондук каттоо бөлүмүнө көчөнүн атын өзгөртүү үчүн жөнөтүлсүн.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж Алыбаев