Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXIII -сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
2020-жылдын 9-марты Ак-Жол айылы.
Кызыл-Бейит, Разан-Сай, Күрп-Сай айылдарынын жашоочуларынын көтөргөн маселесин кароо жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXIII -сессиясынын күн тартибиндеги 1-маселеси Кызыл-Бейит, Разан-Сай, Күрп-Сай айылдарынын жашоочуларынын көтөргөн арызын , Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын көтөрүлгөн маселе боюнча угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXIII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Разн-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын айыл башчыларынын эмгек акылары, Кызыл-Бейит айылынын жашоочуларын тейлеген паромчунун эмгек акысы жана Разан-Сай –Таш-Көмүр багытындагы окуучуларды ташыган автобустун айдоочусунун эмгек акысын 2020-жылдын 1-июнуна чейин каржылоону улантуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Жогорудагы айылдардын пайдалануусундагы жакынкы жайыттарды тез аранын ичинде чечип берүү жагы Аксы районунун мамлекеттик администрациясынан жана чек ара, жайыт мсаелелери боюнча туруктуу комиссиясынан суралсын .
- Аткарылып жаткан иштер боюнча жергиликтүү тургундарга , айылдык Кенештин депутаттарына маалымат берип туруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Мырзагуловко милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.