Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XVI -сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
2019-жылдын 10-июлу Ак-Жол айылы.
ОсОО “Тосой” фирмасынын аткаруучу директору
Кудаяров Анарбектин кайрадан жазган арызы жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги XIV -сессиясынын күн тартибиндеги 1 маселеси ВЭТПФ “Тосой” ЖЧКасынын директорунун орун басары А.Кудаяровдун кайрадан кайрылуусун кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин жана арыз ээси А.Кудаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин уруксат кагазы жок болгондуктан ВЭТПФ “Тосой” ЖЧКасынын директорунун орун басары А.Кудаяровдун кайрадан кайрылуусу Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги 20.05.2019-жылдагы XIV –сессиясынын № 3/3 токтому өзгөрүүсүз калтырылсын.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XVI -сессиясынын
ТОКТОМУ № 2
2019-жылдын 10-июлу Ак-Жол айылы.
Аксы токой чарбасынын аймагында жайгашкан турак-жайларга берилүүчү тех.паспорттордун мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жасалбай жаткандыгы жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги XIV -сессиясынын күн тартибиндеги 2- маселеси Аксы токой чарбасынын аймагында жайгашкан турак-жайларга берилүүчү тех.паспорттордун мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жасалбай жаткандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айылдык аймагынын Кызыл-Бейит , Кур-Кокту , Күрп , Кечүү, Райкомол айылдарынын кээ бир участкалары Аксы токой чарбасынын аймагында жайгашкандыктан ушул айылдын тургундары турак-жайы үчүн тиешелүү документтерин ала албастан пенсияга чыкканда , кредит алганда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгы белгиленсин.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысына пайда болгон маселелерди тиешелүү инстанцияларга жана мекемелерге коюп чечүүнүн жолдорун табуу жагы жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XVI -сессиясынын
ТОКТОМУ № 3
2019-жылдын 10-июлу Ак-Жол айылы.
“Ак-Жол айыл аймагынын иш жүзүндөгү чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-ж. “Кыргыз Республикасынын жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №114 Токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министирлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долбоорлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедиция тарабынан аткарылган Ак-Жол айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгынкарап чыгып, угуп жана талкуулап, Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн Ак-Жол айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо иштеринин жыйынтыгына толуктоо катары
-Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бейит айылындагы жайыт жер
маселеси Кара-Жыгач айыл өкмөтү менен .
-Ак-Жол айыл өкмөтүнүн чектеш Көк-Кыя , Жоон-Бакан участоктору Ак-Суу , Үч-Коргон айыл өкмөттөрү менен болгон талаш жер аянттары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун 25.11.1968-жылдагы №421-VII-указына жана Кыргыз ССРиинин Жогорку Советинин Президиумунун 27.08.1982-жылдагы № 2946-X указына кошулуп чийилген тиркеме картага негиз жана Кызыл-Бейит , Күрп-Сай, Разан-Сай айылдарын Ак-Жол айылдык Советине өткөрүүдөгү 14.12.1994-жылдагы Жаны-Жол совхозу аркылуу түзүлгөн АКТысы эске алынсын.
- Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан Ак-Жол айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча жыйынтыгына кошумча киргизилген материалдарга негиз кабыл алынган айылдык Кеңештин токтомун бекитип берүү жагы суралсын.
- Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.
Ак-Жол айылдык
Кеңешинин төрагасы: Т.Б. Батыралиев
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XVI -сессиясынын
ТОКТОМУ № 4
2019-жылдын 10-июлу Ак-Жол айылы.
ϴнүктүрүү саясат институту тарабынан каралып жаткан “Хельветас” проектисине катышуу жɵнүндɵ
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн соц.адиси А.Сатыбалдиевдин жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы ЭшалиевЭсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдыкКеңешинин VII –чакырылышынынкезексиз ХVI-сесиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- ϴнүктүрүү саясат институту тарабынан каралып жаткан “Хельветас” проектисине катышуу үчүн грейдер алуу долбоору жактырылсын.
- Ак-Жол айыл өкмөтү тарабынан өздүк салым үчүн “Башкаруу аппаратынын ” 3112 “Машиналар жана жабдуулар” элементи аркылуу 280,0 (эки жүз сексен миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы ФЭБнүнбашчысы С.Ажыматовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э. Эшалиевге милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык
Кеңешинин төрагасы: Т.Б. Батыралиев.