Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз
ХIII-сессиясынын
Т О К Т О М У № 1
2019-жылдын 15-февралы Ак-Жол айылы.
Аксы токой чарбасы менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы талашка түшкөн жер аянттары жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси болгон Аксы токой чарбасы менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы талашка түшкөн жер аянттары жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 22-июнундагы №291-токтомуна №1 –тиркеме болуп, Жалал-Абад областынын райондорундагы мамлекеттик токой саясатын колдоп өткөрүлүп берилүүчү жерлердин ЭКСПЛИКАЦИЯСЫна негиз Аксы районунундагы Жаңы—Жол совхозунун Күрп-Сай обходунан жалпысы 2501 га жер аянты токой чарбасына өткөрүлгөн. Бул ЭКСПЛИКАЦИЯда көрсөтүлгөн 2501 га жер аянты Кыргыз Мамлекеттик токой инспекциясынын 3-июль 1992-жылкы №15-буйругунда да Күрп-Сай обходунан 2501 га жер аянты өткөрүлгөндүгү көрүнүп турат. Ал эми 1992-жылдын 3-октябрындагы 247-Р буйругу менен түзүлгөн атайын райондук комиссиянын актысы менен Күрп-Сай обходунда көрсөтүлгөн жер аянтынан сырткары Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Ак-Жол , Тегене, Кечүү , Эчкили , Райкомол , Жолборсту айылдарынан жалпысы 3537 га жер аянты Күрп-Сай обходундагы жер аянтына кошумча негизсиз өткөрүлүп берилгендигин угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Мамлекеттик токой саясатын колдоо максатында Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Күрп-Сай обходунан 2501 га . жер аянты токой чарбасынын кароосуна өткөрүлүп берлигени негиздүү деп табылсын.
- 1992-жылдын 3-октябрындагы 247-Р буйругу менен түзүлгөн атайын райондук комиссиянын актысында көрсөтүлгөн Күрп-Сай обходундагы 2501 га жер аянтынан сырткары Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Ак-Жол , Тегене, Кечүү , Эчкили , Райкомол , Жолборсту айылдарынан жалпысы 3537 га жер аянты акты менен өткөрүлүп берилгендиги негизсиз деп табылып, комиссиянын АКТысын жокко чыгаруу боюнча иш аракеттер жасалсын.
- Өткөрүлүп берилген 3537 га жер аянты айыл өкмөттун аймагындагы калктуу конуштардын тургундарынын үлүшкө берилген жер аянттарынан тургандыктан токой чарбанын кароосуна берилип, картага түшүрүлгөндүгү жөнүндө жогорку органдарга маселе коюу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын
Ак-Жол айылдык аймактык
Кенешинин төрагасы : Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз
ХII-сессиясынын
ТОКТОМУ №2
2019-жылдын 15-февралы Ак-Жол айылы.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 жана 2017-жылдын 15-мартындагы № 160 токтомун аткаруу жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VII –чакырылышынын кезексиз ХII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерине мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.
- Айыл өкмөтүнүн салык кызматкеринин эмгек акысы, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы менен түзүлгөн келишимге ылайык төлөнүп берилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы С Ажыматовго милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык
Кенешинин төрагасы : Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз
ХIII-сессиясынын
Т О К Т О М У № 3
2019-жылдын 15-февралы Ак-Жол айылы.
Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө .
Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси болгон мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана М.Сыдыков атындагы №17 жалпы орто билим берүүчү мектебинин педагогикалык кеңешинин 21.01.2019-жылдагы №3-токтомун талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- М.Сыдыков атындагы №17 жалпы орто билим берүүчү мектебинин педагогикалык кеңешинин 21.01.2019-жылдагы №3-токтому негиздүү табылсын.
- М.Сыдыков атындагы №17 жалпы орто билим берүүчү мектебинин математика мугалими , Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы”, Кыргыз Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы” , “Ардак белгиси” төш белгисинин ээси “Эл агартуунун мыктысы” жана башка бир топ сыйлыктардын ээси Берикбаева Сейилбүбү Саламатовнанын көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалоо менен Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамына татыктуу экендиги белгиленсин .
- Бул токтомду Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп, тиешелүү инстанцияларга документти жөнөтүү жагы айылдык Кеңештин катчысы К.Сатыбековго жүктөлсүн.
Ак-Жол айылдык
Кенешинин төрагасы : Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз
ХIII-сессиясынын
Т О К Т О М У № 4
2019-жылдын 15-февралы Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдун реестрин бекитип берүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдун реестрин бекитип берүү жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча жайгашкан социалдык объектилер жана муниципалдык менчикте турган бардык кошумча курулмалар каттоого алынып , бирдиктүү реестрге киргизилсин.
- Каттоого алынган социалдык объектилер жана муниципалдык менчикте турган бардык кошумча курулмалардын бирдиктүү реестри бекитилсин.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаңы курулуп, ишке берилип жаткан объектилер баланска тартылып , бирдиктүү реестрге киргизүү жагы турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевке милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык
Кенешинин төрагасы : Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясынын №4-токтому менен бекитилди.
Ак-Жол айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчиктин реестри
№
к/н |
Муниципалдык мүлктөрдүн аталышы | Жайгашкан дареги | Эксплуатация болгон жылы | Объектинин аянты
(чарчы метр) |
Жанаша жаткан жер тилкесинин аянты
(чарчы метр)
|
Баланстык баасы
(миң сом)
|
1. | Маданият үйү | Ак-Жол | 1970 | 1718,5 | 26718,5 | 563,30 |
2. | М.Сыдыков мектеби | Ак-Жол. | 1987 | 12920 | 32920 | 10799,9 |
3. | О.Ташкулов мектеби | Райкомол | 2003 | 1258,8 | 14258,8 | 9521,8 |
4. | А.Мырзабеков мектеби | Кечүү | 2003 | 635,36 | 2496 | 1417,4 |
5. | Ж.Орозалиев мектеби | Жолборсту | 2011 | 346,22 | 4404 | 9000,0 |
6. | Т.Тыныбеков мектеби | Тегене | 1999 | 1041 | 141,70 | 4600,0 |
7. | Т.Тыныбеков мектебинин ашканасы | Тегене | 2007 | 95,76 | 940 | 441,8 |
8. | Т.Тыныбеков мектебинин маданият залы | Тегене | 2008 | 500 | 707 | 1300,0 |
9. | А.Жолдошев мектеби | Шынаа | 2008 | 500 | 1500 | 409,5 |
10. | Разан-Сай мектеби | Разан | 400 | 882,5 | 268,6 | |
11. | Оорукана | Ак-Жол | 5566 | 5566 | 1500,0 | |
12. | ФАП Жолборсту | Жолборсту | 1998 | 419 | 1319 | 120,0 |
13. | ФАП Райкомол | Райкомол | 2006 | 300 | 544 | 116,5 |
14. | ФАП Кечуу | Кечүү | 2006 | 378 | 378 | 116,5 |
15. | ФАП Тегене | Тегене | 1984 | 300 | 1000 | 95,0 |
16. | ФАП Разан-Сай | Разан-Сай | 2008 | 300 | 300 | 361,6 |
17. | Мун.менчиктеги жер тилкеси | Шынаа, Разан-Сай | — | 14000,0 | ||
18. | Ак-Жол (мүрзө) | Ак-Жол | 1600 | 45640 | ||
19. | Шынаа(мүрзө) | Шынаа | 1260 | 55400 | ||
20. | Ран (мүрзө) | Ран | 720 | 1248 | ||
21. | Эчкили (мүрзө) | Эчкили | 2250 | 83200 | ||
22. | Коргон-Төбө (мүрзө) | Коргон-Төбө | 480 | 5000 | ||
23. | Пери-Булак (мүрзө) | Райкомол | 420 | 2227,3 | ||
24. | Каткан-Аңыз (мүрзө) | Райкомол | 500 | 2500 | ||
25. | Алмурут-Жон (мүрзө) | Райкомол | 450 | 2000 | ||
26. | Ак-Бийкеч (мүрзө) | Райкомол | 1000 | 3500 | ||
27. | Кечүү (мүрзө) | Кечүү | 250 | 1237 | ||
28. | Кечүү (мүрзө) | Кечүү | 500 | 5075 | ||
29. | Кечүү (мүрзө) | Кечүү | 400 | 2113,8 | ||
30. | Кечүү (мүрзө) | Кечүү | 600 | 3008 | ||
31. | Жолборсту (мүрзө) | Жолборсту | 2500 | 16200 | ||
32. | Мазар (мүрзө) | Тегене | 3200 | 35960 | ||
33. | Сөгөт (мүрзө) | Тегене | 500 | 2000 | ||
34. | Чолок-Сөгөт (мүрзө) | Тегене | 500 | |||
35. | Кала (мүрзө) | Кара-Тыт | 600 | 1500 | ||
36. | Жака (мүрзө) | Кара-Тыт | 800 | 3000 | ||
37. | Разан-Сай (мүрзө) | Разан-Сай | 700 | 6580 | ||
38. | Кызыл-Бейит (мүрзө) | Кызыл-Бейит | 1200 | 2939,4 | ||
39. | Күрп-Сай (мүрзө) | Күрп-Сай | 400 | |||
40. | Кара-Тыт мектеби | Кара-Тыт | 2008 | 70,35 | 5000 | 109,1 |
41. | Көпүрө Коргон-Добо | Ак-Жол | 2007 | 100 | 100 | 186,3 |
42. | Көпүрө 7 даана. Күрп-Сай | Курп-Сай | 2008 | 400 | 400 | 406,1 |
43. | Көпүрө №1 | Жолборсту | 2006 | 199,5 | ||
44. | Көпүрө №2 | Жолборсту | 2007 | 205,6 | ||
45. | Телемунара | Жон-Бакан | 2009 | 129,2 | ||
46. | Китепкана | Ак-Жол | 1970 | 200 | 200 | 0,5 |
47. | Китепкана | Райкомол | 1965 | 200 | 200 | 0,5 |
48. | Китепкана | Тегене | ||||
49. | Айыл өкмөт имараты | Ак-Жол | 1997 | 500 | 1995 | 1933,5 |
50. | Чарбалык сарай | Ак-Жол | 1999 | 300 | 500 | 9,7 |
51. | Мечит Тегене | Тегене | ||||
52. | Мечит Райкомол | Райкомол | 2006 | 251,9 | 251,9 | 2051,0 |
53. | Мечит | Жолборсту | ||||
54. | Мечит | Ак-Жол | 420,47 | |||
55. | Мечит | Шынаа | 1683 | |||
56. | Мечит | Разан-Сай | ||||
57. | Мечит | Кызыл-Бейит | ||||
58. | Мал камоочу жай | Тегене | 1980 | 200 | ||
59. | Мал камоочу жай | Шынаа | 1986 | 200 | ||
60. | Муниципалдык жер | Ак-Жол | — | 12100 | ||
61. | Спорт зал | Шынаа | 400 | 1248 | 5058,6 | |
62. | Базар | Ак-Жол | 8185,45 | |||
63. | Нива автомашинасы | Ак-Жол | 350,0 | |||
64. | Нива автомашинасы | Райкомол | 150,0 | |||
65. | Трактор МТЗ-820 | 2015 | 1060,0 | |||
66. | Соко | 2015 | 120,0 | |||
67. | Телемунара | Кечүү | 2015 | |||
68. | Куур | Ак-Жол, базар | 2015 | 10,0 | ||
69. | Куур | Жолборсту | 2015 | 5000 | ||
70. | Көпүрө | Ак-Жол, Ран | 2015 | 250,0 | ||
71. | Көпүрө | Ак-Жол, Аң-Жылга | 2015 | 295,0 | ||
72. | Суу тосмо | Шынаа алышы | 2015 | 94600 | ||
73. | Суу тосмо | Ак-Жол алышы | 2014 | |||
74. | Көмүркана | Тегене мектеп | 2015 | 67000 | ||
75. | Көмүркана | Райкомол мектеп | 2015 | 96000 | ||
76. | Көмүркана | Кечүү мектеп | 2015 | 61000 | ||
77. | Көмүркана | Райкомол ФАП | 2015 | 63000 | ||
78. | Көмүркана | Кечүү ФАП | 2015 | 111,0 | ||
79. | Спорттук аянтча | Кара-Тыт мектеп | 2015 | 76000 | ||
80. | Көпүрө | Ак-Жол, Ак-Терек | 2013 | 343,0 | ||
81. | Көпүрө | Тегене, Мисте-Мазар | 2015 | 1200,0 | ||
82. | Эстелик | Ак-Жол | 2015 | 600 | 1400,0 | |
83. | Эс алуу паркы | Ак-Жол | 2016 | 6180 | 1542,6 | |
84. | Экскаватор | Ак-Жол | 2017 | 2620,0 | ||
85. | Кызыл-Бейит кайыкчы үйү | Кызыл-Бейит | 2017 | 384,5 | ||
86. | Телемунара | Жолборсту | 2017 | 86,1 | ||
87. | Арка | Кара-Тыт | 2016 | 465,0 | ||
88. | Таңгактоочу техника | 2018 | 820,0 | |||
89. | Жуут | Шынаа | 2017 | 1585,7 | ||
90. | Кара-Тыт таза суу | Кара-Тыт | 2018 | 152,0 | ||
91. | Тегене таза суу | Тегене | 2018 | 494,0 | ||
92. | Эчкили таза суу | Эскили | 2018 | 685,0 | ||
93. | Спорт зал | Тегене | 2008-2018 | 5743,6 | ||
94. | 3 км тротуар | Ак-Жол | 2018 | 2951,7 | ||
95. | Түнкү жарык | Ак-Жол | 2018 | 739,8 | ||
96. | Тиш дарылоочу эмкана | Райкомол | 2018 | 336,3 | ||
97. | Базар ажаатканасы | Ак-Жол | 2018 | 220,8 | ||
98. | Бел-Өрүк таза суу | Бел-Өрүк | 2018 | 48,0 |