Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
Токтом №6/2
2023-жылдын 27-январы Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги алтынчы маселесинин 6/2пункту болгон Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сесиясы
Токтом кылат:
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Кесип кошун бирдигинин 16-январь 2023-жылдагы болгон отурумунун чечими негиздүү деп табылып айыл өмөтүнүн Мал чарба адиси Т Суеркуловдун жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Ч Сейитбековдун көп жылдык эмгеги бааланып Ак-Жол айыл аймагынын “ Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын..
- Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагыайылдык Кеңештин жооптуу катчысы К.Т.Сатыбековго жүктөлсүн.
Төрага: Ж.С.Алыбаев.