
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги
III сессиясынын
ТОКТОМУ № 5
2025-жылдын 03-февралы Жаңы-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2024-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2025-жылга бюджетин бекитуу жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги III сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2024-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2025-жылга бюджетин бекитуу жөнүндө
Жайыт комитетинин башчысы А Абдрамановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II — чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнун алдындагы Жайыт Комитетинин төрагасынын жыл ичинде аткарган иштери боюнча жасаган отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.Жайыт комитетинин 2024-жылга карата бюджетинин аткарылышы кабыл алынсын
3. Жайыт комитетинин 2025-жылга карата бюджети бекитилсин.
4. Ак-Жол айыл аймагынын ушул токтому Ак-Жол айыл өкмөтүнун www.akjoI.eI.kg веб-сайтына жарыялансын.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин төрагасы: Т Султамуратов