
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин II-чакырылышынын кезектеги
III-сессиясынын
ТОКТОМУ №3/3
2025-жылдын 03-февралы Жаңы-Жол айылы
ХЕЛЬВЕТАС Свис Интеркорпорейшн
Ассоциациясынын Филиалы
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат
көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”
долбоорундагы №PSI-G Алкактык
макулдашууга негиз акча каражатын
бекитүү жөнүндө
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- “Кыргыз Республикасынын ХЕЛЬВЕТАС Свис Интеркорпорейшн Ассоциациясынын Филиалы “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунан дараметти жогорулатуу гранты катары бөлүнүп берилген 125 000,0 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджетке кириштелип, киреше жагына план 14411100 беренесине алынсын.
- Жогорудагы акча каражаттары төмөндөгүдөй элементтер аркылуу жумшалсын
Башкаруу аппараты:
-22122900 (дагы башка байланыш кызматтарын көрсөтүү) – 14000,0 сом;
-22181100 (тамак аш азыктарын алуу) – 59900,0 сом;
-22221100 (камсыз кылууларды алуу) – 21100,0 сом;
-22221200 (Учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдары алуу) – 30000,0 сом
Жалпысы 125000,0 (бир жүз жыйырма беш миң) сом.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.