
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги
III сессиясынын
ТОКТОМУ №2
2024-жылдын 03-февралы Жаңы-Жол айылы
Айылдык кеңештеги туруктуу комиссиялардын иш пландарын тактоо жана системалык түрдө жумуш алып баруу боюнча комитет жетекчилеринин маалыматын угуу
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги III сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси болгон Айылдык кеңештеги туруктуу комиссиялардын иш пландарын тактоо жана системалык түрдө жумуш алып баруу боюнча комитет жетекчилеринин маалыматын угуу маселесибоюнчаАк-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешининин төрагасынын орун басары Э Кочкорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II — чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын иш пландары айылдык кеңештин кабыл алган иш пландарына жана айылдык кеңештин Регламентине негиз жүргүзулсүн.
- Туруктуу комиссия айылдык кеңештин чечимдерин жүзөгө ашыруу жана айыл аймагындагы мекеме ишканалар тарабынан аткарылышына контрол кылууга түздөн-түз милдеттүү экендиги белгиленсин.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин төрагасы: Т.Султамуратов