[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин I чакырылышынын  III кезектеги сессиясынын

                                                             ТОКТОМУ №1

    2024-жылдын 19-апрели                                                                 Ак-Жол айылы 

    Ак-Жол айыл аймагындагы Терс айылын Үч-Коргон айыл аймагына  өткөрүп берүү жана Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдары, Жоон-Бакан, Көк-Кыя участкалары жөнүндө

             Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын III кезексиз сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы  №370 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын  Жарандык Кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, “Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. “Ак-Жолайыл аймагынын карамагындагы Терс айылындагы калктуу конушту        Үч-Коргон айыл аймагына  өткөрүп берүүгө  макулдук  берилсин.
    2. Терс айылы  өтүп  жаткандыгына  байланыштуу Үч-Коргон  айыл өкмөтү пайдаланып жүргөн Жоон-Бакан  жана  Ак-Суу айыл өкмөтү пайдаланып жүргөн  Көк-Кыядагы  жайыт аянттары Ак-Жолайыл аймагынын карамагына  калтыруу жагы райондук комиссияга сунушталсын.
    3. 1995-жылдан бери Ак-Жол айыл өкмөтүнүн карамагында жашап, Ак-Жол айыл өкмөтү тарабынан каржыланып келген Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын калкынын талабын эске алуу менен, бул айылдарды жакынкы жайыттары менен кошо Ак-Жол айыл аймагынын картасына чийип берүү жагы сунушталсын.
    4. Терс айылындагы кыймылдуу жана кыймылсыз  мүлктөрдү, материалдык жана материалдык  эмес активдерди өткөрүп берүү жагы Ак-Жол айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн башчысы Б Абылаевге  жүктөлсүн.
    5. Аталган  токтомду  расмий  жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик  реестрине  киргизүү жагы айылдык  кеңештин  жооптуу катчысы К Сатыбековго  милдеттендирилсин. 
    6. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык                           кеңешинин  төрагасы                                                    Ж.С.Алыбаев

    Posted by admin @ 09:31

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]