Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги
III сессиясынын
Т О К Т О М У № 2
2024-жылдын 19-апрели Ак-Жол айылы.
.Ак-Жол айыл аймагына караган калктуу конуштар боюнча жакынкы жана алыскы жайыттарга көчүп чыгуу жана көчүп келуу мөөнөттөрүн белгилөө,Бадачылардын кара-мал жана жандыктарга алынуучу бада пул акысын тактоо, механизаторлордун эмгек акысын белгилөө жана айып акылар боюнча айыл өкмөтүнөн түшкөн сунуштарды кароо жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын күн тартибиндеги’экинчи маселеси боюнча жайыт комитетинин төрагасы А
Абдырамановдун жана айыл чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис Ы Молорбаевдин жана ошондой эле айыл башчылардын берген маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IIIсессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштар боюча болуп өткөн коомдук угуулардын жана бадачылар жана механизаторлорменен болгон жыйындын чечимдерине негиз жана Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы А Абдырамановдун жана айыл чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис Ы Молорбаевдин берген билдирүүлөрү алымча кошумчасы менен бекитилсин.
- Айыл аймагынан сырттан алынып келген малдардын ээлеринен малы эмделгени жөнүндөгү тактама талап кылынсын .Малдын эмделгени жөнүндөгү тактама жок болсо милдеттүү түрдө айыл аймактын ветеринары тарабынан эмдөө колго алынсын.
- Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык кеңешке келип түшкөн сунуштардын негизинде айыл өкмөтүнүн ички тартибине ылайык тескеме даярдап аны аткаруу жагы жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин орун басары К Бейшеналивке жүктөлсүн.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.