Апрель окуясынын катышуучусун эскерүү.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн тургуну , апрел окуясынын катышуучусу Дурусбеков Бердибекти эскерүү үчүн Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Мырзамамытов Масалбек Мырзапарович өзү келип, Бердибектин жаркын элесине куран түшүрүп, атасы менен апасына көңүл айтуу менен сый белектерди тапшырды.
Нооруз- жаңылануу майрамы !
Ак-Жол айыл аймагындагы бардык айылдарда Нооруз майрамы жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлдү . Майрам жаз алды менен болгондуктан жаңылануу тазалануу, аруулуктун мезгили келгенин кабарлап тургансыйт. Айылдарда жашоочулар турак-жайларын акилеп, короо-жайын тырмап тазалануу менен бирге бири-бирине жакшы сөз, жылуу мамиле жасап майрамда көңүл ачышты. Айыл өкмөтүнүн жергилитүү бюджетинин эсебинен ар кандай спорттук мелдештер уюштурулду.
8 март-аялзатынын эл аралык майрамы!
Жалпы аялдардын эл аралык күнү болгон 8-март жаз майрамына карата Ак-Жол маданият үйүндө Ак-Жол айыл өкмөтү демөөрчүлүк кылып , «Баатыр энелерге» элдик таланттардын жардамы менен кече өткөрүп берди. Бул иш чарага 160 «Баатыр эне» , 90 жаштан жогорку 11 кары энелер жана алдынкы эжекелер катышты.
Эр эрдиги унутулбайт !
Ак-Жол айыл өкмөтүндө Афганистан согушунун жана Баткен окуясынын катышуучуларына 23-февраль –Мекенди коргоочулар күнүнө карата М.Сыдыков атындагы жана Т.Тыныбеков атындагы орто мектептерде майрамдык кечелер уюштурулуп, сый тамактар берилди. Ошондой эле окуучуларды патриоттук сезимге тарбиялоо максатында жолугушуулар уюштурулду.
Ак-Жол айыл аймагында жургузулуп жаткан иштер.
Ак-Жол айыл аймагында жаны жылдын жанырышы менен бир топ конул жылыткан алгылыктуу иштер башталды . Ак-Жол айыл аймагынын Коргон-Тобо участкасында жашаган 60 тутун элдин жол каттамы элдин негизги койгойлорунун бири болуп келген. Жол бир топ татаал болгондуктан , бийиктиги томондотулуп , кенейтилип бир топ ынгайлуу абалга келтирилди.
ДЕМООРЧУЛУК ЖАРДАМ
Ак-Жол айылындагы камкордука муктаж атуулдарыбызга демоорчулор тарабынан колдоолор корсотулуудо. Атап айтканда Ак-Жол айыл аймагынын Райкомол айылынын тургуну Тажибаева Мира бир топ жылдан бери камкордука муктаж майып. Бугун демоорчулорубуз тарабынан коляска белеке беришти.